Пример HTML-страницы

Ат-Башыдагы үй-бүлө унаасын сатып, кошумча алган насыя менен балык чарбасын түптөштү

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын тургуну Чолпон Орозказиева үй-бүлөсү менен бирге балык чарба иштете баштады. Алар бул ишти 6 пайыздык жеңилдетилген насыя алуу жана унаасын сатуу менен баштап алышкан.

Учурда балыктын кубулжуган форель түрүн багып жатышат. 1 кг балыктын баасы 1000 сом.

Бул иштен сырткары, алар 20 жылдан ашуун убакыттан бери 60ка чукул челек менен бал өндүрүшөт. Чолпон Орозказиева өзү Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинде иш кагаздары боюнча адис болуп иштейт.

«Быйыл жолдошум, уулум болуп балык чарба иштетели деп, 6 пайыз менен 800 миң сом насыя алып, ушул жумушту баштадык. 3000 долларга унаабызды сатканбыз. Ошону дагы коштук. Балык чарбага млн сомдон ашуун акча каражаты кетти. 105 миң сомго боз үй алдык, 3000 баш чабак сатып келдик. Чоң балыктарды Бишкектен алып келип багып жатабыз. Бул суу булактын суусу болгондуктан, балыктын даамы жакшы. Кышында тоңбойт.

Чоң балыктардын азыгы, 1 мүшөгү 5 миң сомго чейин болсо, кичинекей балыктардыкы 10 миң сомго чейин болот. Келекчекте эл эс алган жерибизди дагы кеңейтсек деген планыбыз бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE