Пример HTML-страницы

Ат-Башыда келгин куштар үчүн 300дөн ашык уя жасашты. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районундагы окуучулар жана бала бакчалардын тарбиялануучулар куштар үчүн уя жасашты.

Иш-чара президент Садыр Жапаровдун «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында Ат-Башы районундагы билим берүү мекемелеринде «Келгин куштарга уя даяр» аттуу ураандын алкагында райондогу 21 мектеп окуучулары жана 22 бала бакчанын тарбиялануучуларын эмгекке тарбиялоо, келгин куштарга кам көрүү, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, токойлорду сактоо максатында уюштурулду.

Иш-чара окуучулардын жазгы эс алуу убагында ата-энелери менен биргеликте бош убактыларын максаттуу пайдалануусу үчүн багытталды. Анын жүрүшүндө 370 уя окуучулар жана билим берүү кызматкерлери тарабынан даярдалып, бактарга илинди.

Мындай иштер улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE