Пример HTML-страницы

Ат-Башы районунда көмүрдүн баасы канча болуп жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунда көмүрдүн бир тоннасы 5500 сомго чейин болууда. Тургундар бул баа кымбат экенин айтышууда.

Ат-Башы районунун тургуну Өмүралы Жаныбеков быйыл көмүргө болгон бааны жогорку бийлик катуу көзөмөлгө алышса дейт.

«Быйыл күйүүчү май бир аз болсо дагы арзандаганын көрүп жатабыз. Май кымбаттады деп шылтоолоп, көмүрдү дагы кымбаттатып жиберишти эле. Быйыл деле 5500 сом деп жатышыптыр. Жогорку бийлик карапайым элге каралашып, көмүрдүн баасын түшүрүп берсе жакшы болот эле. Электр энергиясына күч келбесин десеңер, көмүрдүн баасын арзандаткыла. Ушул көйгөй орчундуу болуп турат», — деди ал.

Ат-Башы айыл өкмөт башчысы Руслан Докоев тургундарга көмүр 5000 сомдон сатыларын билдирди.

«Жакында эле Ат-Башыга 225 тонна көмүр келип түштү. Бул көмүр Кара-Кечеден келди. Элде акча жок болуп, ал көмүрдү ишкерлер сатып алып, кайра 5500 сомдон деп жатат окшойт. Айыл ичиндеги квартал башчыларын даярдап жатабыз. Элден 100 тоннанын акчасы чогулганда, көмүрдү 5000 сомдон таратып беребиз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE