Пример HTML-страницы

Аларга эмне тамактарды жегени белгилүү болду

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районундагы «Алмаз» тойканасындагы массалык уулануунун айрым жагдайлары белгилүү болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинини маалыматына караганда, 1-августка карата жабырлануучулардын саны 89 адамга чейин жетти. Алардын ичинен 14 адам (12 чоң адам, 2 бала) райондук оорукананын инфекциялык бөлүмүнө жаткырылды. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, дезинтоксикациялык терапия жүргүзүлүп, абалдары оңолгон.

Эпидемиологиялык иликтөөнүн жыйынтыгында, 30-июлда «Алмаз» тойканасында М. аттуу адамдын үй-бүлөсү уулун үйлөнтүп, 250 адамдын катышуусунда той өткөргөндүгү такталды. Тойдо дасторконго салаттын 3 түрү, тоок эти, аш, «мясо по-казахски» жер-жемиштер коюлган. Салаттар менен кайнатылып бышырылган эт тойдун ээлери тарабынан үйдө даярдалып, кафеге алынып келинген. Тойкананын өзүндө болсо ысык тамактар жасалган.

Кечээ, 31-июлда кафе иштеген эмес. 1-августта кафенин шарттары текшерилип, идиш-аяктар алынды. 6 кызматкерден ичеги-карын инфекцияларын текшерүү үчүн «пробалар» алынды. Ага катар эле тоок эти, уйдун эти жана аштын калдыктары текшерилмек болду. Калган тамак-аштардан калдыктар калган эмес.

Кафенин жетекчилигине мыйзам бузуу боюнча протоколдор толтурулду. Анын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде айып пулдар салынат. Кафенин ишине убактылуу тыюу салынды. Учурда иликтөө иштери улантылып жатат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруларды алдын алуу департаментинен Кадамжай районундагы тойканада массалык уулануу болуп, 58 адам жабыр тартканын кабарлаган.

Кийинчерээк массалык уулануу болгон «Алмаз» кафеси убактылуу жабылгандыгы такталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE