Пример HTML-страницы

Алар салган жол азыр сакталуу (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Аустан айылында Биринчи дүйнөлүк согушта туткун болгон австриялык аскерлер курган араба жолдун издери азыр да сакталуу. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы айылдан кабар алды.

Маалыматка караганда, Майдан айыл өкмөтүнүн Аустан айылынан түштүккө карай 3-4 чакырым тоо тарапка жүргөндөн кийин Исфайрам дарыясынын жээгинде Сурма-Таш коругунун аймагынан араба жолдун издерин көрүүгө болот. Бул жол Чоң-Алай тарапка карай салынган. Жергиликтүүлөр учурунда Сурма-Таштан вольфрам, рудалар казылып базага, андан ары арабалар менен Кызыл-Кыяга ташылганын айтышат. Исфайрам дарыясынын аркы-берки өйүзүнө өткөн көпүрөлөр болгон. Азыркы учурда алар жоголуп, унаа өтүүчү бир көпүрө сакталып турат.

Айрым айыл тургундары Чоң-Алай жана Кадамжай районун байланыштырган эски араба жолдун тарыхын Курманжан датканын дооруна байланыштырат. Анткени датка эне бул араба жол аркылуу Коконго каттап турган дешет. Бүгүнкү Курманжан датка каттаган араба жолдун изи тоо башында сакталып турат.

Ал эми австро-венгриялык аскер туткундардын келишин Биринчи дүйнөлүк согуштун учуруна байланыштырылат. Алар орустардын курал-жарагын оңдоп, жол салуу менен алектенген. Туткундар жергиликтүү тургундарга жашыруун курал-жарак берип, алтын-күмүшкө алмаштырганын кеп кылышат.

Учурда Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтү аркылуу Чоң-Алай районун байланыштырган унаа жол курулууда. Кадамжай райондук №46 жол тейлөө башкармалыгынан бул жолдун жалпы узундугу 127 км болуп, курулуш эки район тараптан тең жүрүп жатканын билдиришти.

Тактама:

Башында Россиянын аскер жетекчилери австро-венгриялык аскер туткундарын Түркстанда чоң шаарлардан алыс райондордо жайгаштырууну пландашкан. Бирок туткундардын көптүгү, атайын казармалардын жоктугу планды өзгөртүүгө мажбур кылган. Андыктан туткундардын биринчи партиясы шаарларда жайгаштырылган. Биринчи туткундар Түркстанга 1914-жылдын сентябрында жеткирилген. Жалпы 50 миңге жакын туткун жеткирилип, алар Ташкентке жайгаштырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE