Пример HTML-страницы

Алайда милициянын көчмө кабылдамасы үчүн жаңы унаа берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай районунда милициянын көчмө кабылдамасы үчүн «ГАЗ Соболь» үлгүсүндөгү унаа берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Унааны тапшыруу аземине мобилдүү унаалардын ишмердүүлүгүн колдоо боюнча ассоциациянын директору Шамшыбек Мамыров, ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдама унааларынын ишин координациялоо бөлүмүнүн башчысы Таалай Алижанов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Талант Шатманов, Алай районунун акими Каныбек Апбасов, милициянын көчмө кабылдамасы боюнча ассоциациянын Алай районундагы өкүлү Максат Нурматов, райондук ички иштер бөлүмүнүн, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары катышты.

Алай районунда милициянын көчмө кабылдамасы 2021-жылдан тарта иштеп баштаган. Белгиленген график боюнча милициянын көчмө кабылдамасы жер-жерлерге, алыскы айылдарга чыгып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар уюштурулат. Алардын көйгөйлөрүн чечүүгө, социалдык маселелерди тиешелүү мекеме-ишканаларга кат берүү менен чечүүгө жардам берип келишет.

  • 2021-жылы милициянын көчмө кабылдамасы жер-жерлерге 197 жолу барган. Анын ичинен 127си расмий катталып, 28 оозеки даттануу түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE