Пример HTML-страницы

Ала-Бука милициясы чөнтөк уурулукка шектелген тургунду кармады

Акыркы жанылыктар

TurmushАла-Бука милициясы чөнтөк уурулукка шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ала-Бука РИИБге 4 жаран арыз менен кайрылган. Алардын бири 2024-жылдын 21-январь күнү мал базарда кийип жүргөн курткасынын чөнтөгүнөн 45 миң сом акчасын уурдатканын жазган. Ал эми 3 жаран 2024-жылдын 17-мартында Ала-Бука районунун борбордук базарынан күндүзгү убакытта телефон жана акчаларын белгисиз кылмышкерге уурдатканын билдиришкен.

Жалпысынан арыз ээлери 75 миң сомго жакын материалдык зыян тартышкан.

Бул фактылар Ала-Бука РИИБи тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ала-Бука милициясы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун 1985-жылы туулган тургуну У.У. кармалган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE