Пример HTML-страницы

Ак-талаалык кол өнөрчү Саламат Жумакованын курактарына депутат айым кызыкты (видео, сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылынын 71 жаштагы тургуну Саламат Жумакова 54 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Куракчы апа менен аймактык кабарчы маектешти.

— Апа өзүңүз кайсы жерден болосуз?

— Өзүм Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынан болом. Ата-энемдин жумушуна байланыштуу Ат-Башынын Өзгөрүш, Ак-Муз, Ача-Кайыңды айылында чоңойдум. Абышкам мени алганда 31 жаштагы койкойгон жигит экен. 31жашка чейин үйлөнбөптүр. Ал 1961-1962-жылдары Баетов айылындагы Ломоносов (азыркы Ш.Бейшеналиев) атындагы орто мектебинде мугалим болуп иштептир. «Жакшы иштейт» деп, балдардын турмушун жакшыртуу боюнча комитетке милиция кызматкери кылып алып кетишти. Андан кийин бул мектепке (азыркы Кайыңды-Булак айылындагы Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектеби) 24 жыл мугалим болуп эмгектенди. Жолдошум экөөбүз 54 жыл бирге жашадык. Менден 13 жаш улуу болчу. 10 бала төрөдүм. 1 уулум каза болуп калды. 3 уул, 6 кызым бар. Өзүмдүн кесибим дагы мугалим. Бирок, шартка байланыштуу окуумду аягына чыгара албай калдым. Бала-чаканы, үй-жайды караш керек дегендей. Антсе дагы ар кандай жумуштарда иштедим. 8 жыл почточу болдум, автобазада иштедим. Ал союз учурунда «өлдүңбү-тирилдиңби» деп карачу эмес, «бар жумушка» деп айдачу.

— Кол өнөрчүлүктөн тышкары кандай талантыңыз бар?

— Жамактатып ырдап коём. Сахнага чыгып каармандардын ролун ойнодум. Ошол мезгилде райондо «Ыр-кесе» уюштурулду. «Ыр-кесеге» ылайык интермедия таппайт. Биз илгери студент кезибизде «Абысындар» деген интермедия ойночу элек. Ошол интермедияны Жаңылкан экөөбүз аткардык. Ал экөөбүз аткарган интермедия Нарынга жагып калыптыр. Антип-минтип жүрүп биз жайлоого көчүп кетип калдык. Анан 11-июнь күнү «Саламат келсин, Нарынга барып интермедия коёбуз» деп, уулумду жайлоого жиберишиптир. Мен макул болбой, барбай койсом, ошол кездеги маданият тармагын жетектеп турган Уулбек Татыбекова келип, мени урушуп кирди. Анан мен: «Башка партнёр таап берейин» десем же Жаңылкан болбойт. Ошентип мен таптакыр көнбөй, Нарында ал интермедия коюлбай калган.

— Апа, кол өнөрчүлүк менен канчадан бери алектенесиз, эмнелерди жасайсыз?

— Кол өнөрчүлүктүн бардыгы эле колумдан келет. Илгери, жаш кезимде кийимдерди, өпкө каптарды тикчүмүн. Жабууларды жасап, тор түйчүмүн. Шырдак жасайм. Жер төшөк, олпок, жууркан бүт эле жасайм. Негизинен, куракчымын. Килемге, туштук курайм. Жаш кезде жакшы санаалаштар, туугандар суранганда шырдак жасап, курак курап, жер төшөк жана башкаларын жасап берип койчумун. Мындай буйрутма алып, акчага жасап берген эмесмин. Көбүнесе балдарыма, кыздарыма жасап берем. Өзүм бош отура албайм. Келин болуп келгенде, себиме кол машина кошо беришкен. Кол машинама 54 жылдын жүзү болду. Аны электр тогуна сайып, бут менен иштегидей кылып жасатып алгам. Баарысын ошол машинкам менен тигем. Азыркы жаңы үлгүдөгү машинкам деле бар. Ал эми кездемелерди өзүм тандап алам. Өзүмө кездеме жакпаса, жасагым келбейт. Буларды өзүм сатып алам. Кыздарым, уулдарым алып берет.

— Кол өнөрчүлүк боюнча сынактар, көргөзмөлөр уюштурулат. Катышып жүрөсүзбү?

— Абышкам мугалим, милиция болуп иштеди. Кийин ден соолугу жакшы болбой калып, эч жакка чыккан жокмун. Айылдагы маданият үйүнүн башчысы Бактыгүл Рыскулова Кырчынга, Нарындагы шырдак фестивалына жана башка жактарга барып келели деп чакырып жүрдү. Эми улгайган кезде сынакка, көргөзмөгө барып, анан орунга жетпей калсаң дагы жаман да. Ошон үчүн баргым деле келген жок. Үйгө отуруп алып эле жасай берем. Өткөн жылы бир сиңдим курак-килемчелеримди депутат айымга көрсөтүп койгон экен. Ал депутат аябай кызыгып: «Канча десе ошол баага алам, килемчелерин мага сатсынчы» деп жүрдү. Ошол учурда абышкам каза болуп калган мезгил эле. «Абышкам жаңы эле каза болсо, мен үйдөгү килемчелерди сатканым туура эмес» деп болбой койдум.

— Эмгегиңиз бааланып, бийлик тарабынан сыйлыктарга ээ болдуңузбу?

— Жок, «Баатыр эне» деген наамым бар. Мындан 8 жыл мурун бир уюм «Акылман апа» деп сыйлык тапшырышкан. Бир жолу мектепте «Бирге окуйбуз» деген сынак өтүп, неберем экөөбүз сыйлык алдык. Өзүм китепти көп окуйм. Өткөндө айылда фельдшердик-акушердик пункт ачылып, ошол жерден район акими ыраазычылык кат тапшырды. Анда дагы жанагы оозу жөн турбагандар: «Бул ФАПка эмне кылып коюптур же киши дарылабаса» деп айтышыптыр. Эми учуру келгенде айтып коёюнчу. Мен демөөрчүлүк иштерин дагы жасайм, балам. Ошол ФАПка дагы жетишпей жаткандарын алып бергем. Башка дагы ушундай иштерди жасап келем.

— Апа, үйүңүздө гүл көп экен. Гүлдөрдү дагы өстүрөт окшойсуз ээ?

— Ооба, гүл өстүргөндү жакшы көрөм. Ушул гүлдөрдү кымындай кезимде өстүрүп, Ат-Башыдан ала келдим эле. Гүлдүн түрү көп. Аттарын деле билбейм. Көргөн гүлүмдөн эле сабакчасын кесип келип же сатып келип өстүрө берем. Булар деле назик жан болот экен. Витаминдер жетишпей калса ооруйт, байкуштар. Баладай эле карап туруш керек.

— Жасаган шырдактарыңыздын арасына эмне чөптөрдү салып койгонсуз?

— Бул эрмен деген чөп. Эрмен бышкан кезде терип, кургатып алам. Жасаган шырдактардын арасына кошо жыйып, айланасына таштап коём. Эрменге күбө жолобойт, кийизди күбө жебейт. Айрымдар эле, «шырдагымды же кийизимди күбө жеп кетти» деп айта беришет. Кийизге күбө жолотпош үчүн эрмен эң жакшы чөп.

— Маегиңизге чоң рахмат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE