Пример HTML-страницы

Ак-Талаада кудалары үйүнө келе жатканда ишке чыгууга мажбур болгон той ээси — Чүрөк Касымованын жооптуу кызматы

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кызыл-Белес айылынын тургуну Чүрөк Касымова 40 жылдан бери медицина тармагында үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Чүрөк Касымова 1962-жылдын 27-августунда Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 1 уул, 3 кызы бар. Жолдошу дыйканчылык менен алектенет.

Таененин керээзи

— Өзүмдүн апам жалгыз эле кыз болгон экен. Биз үй-бүлөдө 7 кызбыз. Анан улам чоңойгонубуз барып, таенимди бакчубуз. Таенибиз көбүрөөк ооручу. Сөөктөрү ооруса буту-колун ушалап, башы ооруса дары берип, айтор жакшы карайт элек. Кыздардын ичинен дарыгерликке менин идирегим бар экенин таенем билсе керек. Таенем: «дарыгер бол балам, сенин колуңдан келет» деп керээзин айтып калар эле. Кийин мектепти бүткөн соң, таенимдин керээзи бар эле деп, 1981-жылы Нарын облустук медициналык окуу жайга өтүп, аны 1983-жылы аяктадым. Кесибим — акушер. Окууну бүтүп келерим менен эле райондук оорукананын төрөт бөлүмүнө жумушка кирип, 1 жыл акушер болуп иштедим. 1984-жылы турмуш шартыма байланыштуу Кызыл-Белес айылындагы фельдшердик-акушердик пунктка которулдум. Бул жерде 1992-жылга чейин катардагы акушер болуп иштеп, 1992-жылдан бери фельдшердик-акушердик пунктун башчысы болуп эмгектенип келе жатам. Биздин кесип ары жооптуу, ары коркунучтуу, ошол эле учурда сыймыктуу кесип десем жаңылышпайм.

Кош бойлуу келиндерди ташыган «Москвич»

— 1980-1990-жылдары айылда автоунаалар абдан аз эле. Биз Тоголок Молдо айылына карачубуз. Менин жолдошум айылда жалгыз эле «ГАЗ-53» унаасын айдайт. Кызыл-Белестен бригадирлер, ферма башчылары күндүз кечке чейин чарба иштеринде жүрүшүп, кечинде жолдошумдун унаасы менен Тоголок Молдого жыйналышка кетип, түн ичинде кайра келишчү. Ошол кезде аялдардын төрөтү дагы көп болчу. Ал кезде азыркыдай уюлдук телефондор жок. Жолдошумду жолдон күтүп, алар келер менен «кокуй, Жаркынбай бас жүрү, баланчанын аялы толготуп жатыптыр» деп, унаанын үстүндөгү кишилерди түшүрүп, кайра жөнөчүбүз. Тоголок Молдодон башкарманы же партиялык уюштуруучунун үйүнө барып, аларды ойготуп, күйүүчү майга уруксат жаздырып алып, райондун борборуна жөнөйт элек. Бир күндө 2-3төн аялды жеткирчүбүз. 2000-жылдары гана эл автоунаа ала башташты. Эки кайнагымдын тең «Москвич» үлгүсүндөгү автоунаасы бар эле. Бириники жашыл, экинчисиники кызыл. Кайнагамдарды айдатып алып, ошол эки «Москвич» менен кош бойлуу келиндерди көп жеткирдим. Үйдөн төрөгөндөр, жолдон төрөгөндөр көп болду. Кан көп кеткендер болуп, аман-эсен ооруканага жетсек экен, бир балакет болбосок экен деп жаныбызды оозубузга тиштеп, алып барган күндөрүбүз болду. 2003-жылы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу уюштурулуп, баарыбыз үй-бүлөлүк дарыгерлердин окуусун окуп, сертификат алып, өз алдынча дарылоого өтүп, ишибиз аз да болсо жеңилдей түштү.

Кыйраган көпүрө, кыйналган дарыгер

— Бир жылы Нарын дарыясындагы көпүрө кыйшайып калып, оңдоо иштери бүтпөй, аркы өйүз менен берки өйүз катташа албай калган учур болбоду беле. Ошол учурда айылдан бир келин толготуп калып, аны аркы Эмгек-Талаа тарап менен ооруканага алып жөнөдүк. Бир маалда унаабыздын дөңгөлөгү жарылып, аны алмаштыралы десек дөңгөлөктү чечүүгө ачкыч жок экен. Жакын жердеги Сегизинчи март айылынан бир курал алдырып келип, дөңгөлөгүн алмаштырдык. Аман-эсен Нарынга жеткирип, төрөт бөлүмүнө киргизип, кайра жолго чыксак, бирөө телефон чалып: «Эже, таң аткандан бери келинчегим толготуп жатат» дейт. Жиним келип: «Сен кандай немесиң? Эртеден бери эмне кылып жаттыңар? Көпүрө жок болсо, мен аны райондун борборуна кантип жеткирем» деп уруштум. Анан уулума телефон чалып: «Тигинин колуктусу толготуп жатыптыр. Тиги кулаган көпүрөнүн жанына алып кел. Андан ары Баетовго жеткирем» деп айтып, өзүбүз Нарын шаарынан түз эле Ак-Талчаттагы көпүрөгө жөнөдүк. Тиги келинди аркы өйүздөн баягы кыйраган көпүрөгө алып келишти. Биз берки өйүздө. Араңдан зорго берки өйүзгө алып өтүп, анан райондун борборундагы төрөт бөлүмүнө алып келдик. Ушундай кыйынчылыктар көп болду.

  • Ак-Талчат көпүрөсү 1967-жылы курулуп, 1981-жылы оңдоп-түзөөдөн өткөн. Андан бери бир дагы жолу оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. 2018-жылы көпүрө кыйшайып, 5 айыл менен байланыш үзүлгөн болчу. Курулуш иштери кечеңдеп, бир топ нааразычылыктап жаралган.

Эсте калган окуялар

— Бир жолу мончодо жуунуп жаткам. Бир убакта мончонун эшигин бирөө аябай такылдатып калды. «Ой эмне болду?» деп каалга жакка бара калсам, «эже, эже болуңуз, апам өлүп калды» деп бир келин кыйкырып калды. Дароо эле халатымды кийип, бутума галош кие калып, сыртка чыгып, унаага отуруп, саксаңдаган бойдон үйүнө жетип бардык. Барсам, ал апанын кан басымы көтөрүлүп, эс-учун жоготуп жатып калыптыр. Анан тамчылатма коюп, аркы-берки кылдым. Бир топтон кийин эсине келди.

Дагы бир жолу дем алыш күнү чачымды боёп жатсам, бирөө келип: «Жүрүңүз, апам чыдабай жатат» деп калды. Ал апанын дагы кан басымы көтөрүлүп, эс-учун жоготуп жатыптыр. Тамчылатма дары койдум. Ал апа бир аз жакшы болуп калгандан кийин, мени карап: «ээ балам, карап турсам эле кулагыңдын түбүнөн кара неме куюлуп жатат да» деди. Көрсө, чачымдын боёгу куюлуп жатыптыр. Уялганымды айтпа.

Кызым турмушка чыгып, куда тосолу деп жатканбыз. Кудалар көчөнүн этегине келип калышкан. Бир жигит унаасы менен келип: «Эже басыңыз, келинчегим толготуп жатат» деди. Кудаларыма карабай, аны төрөт бөлүмүнө жеткирип келдим. Эми биздин ишибиз ушундай. Жууп жаткан кирибиз, ачып жаткан камырыбыз калат. Конокко барган жерибизден келип алып кетишет. Ооруган адамдарды аман-эсен ооруканага жеткирсек экен деп, алгачкы жардамдарды көрсөтүп, ооруканага жеткиребиз.

Кош бойлуу келиндер эмнелерге көңүл буруулары керек?

— Азыр медицинада 15 жаштан 45 жашка чейинки аялзатын төрөт жашында деп эсептейт. Бул деген 15 жаштан баштап эле же тактап айтканда турмушка чыга элек кезинен тартып ден соолугуна кам көрүш керек. Учурда каны аз кыздар абдан көп. Анткени кыздарыбыз «фигура» сактайбыз дешип, көбүрөөк жана витаминдүү тамак ичишпейт. Ошол бойдон турмушка чыгышат. Кош бойлуулук мезгили башталгандан тарта 12 жумага чейин бизге катталышып, кеп-кеңештерди алып, тиешелүү дарыларды ичүүлөрү зарыл. Үй-бүлөнү пландоо деген болот. Тактап айтканда, бир бала менен экинчи баланын ортосу 3 жылдан кем болбошу керек. Мисалы, биринчи баласын төрөгөндөн кийин экинчи баласын 3 жылдан кийин төрөш керек деген сөз. Учурда, балдардын ортолору 1 жаш же 1,5 жаштан эле болуп калып жатпайбы. Ошондон улам дагы аз кандуулукка учурап жатышат. Ошол аз кандуулук менен экинчи, үчүнчү балдарын төрөшөт. Аз кандуу келинден аз кандуу бала төрөлөт. Каны аз баланын иммунитети төмөн болот. Иммунитети төмөн бала ооруп баштайт. Анан ден соолуктарында көйгөй жаралат. Ошондуктан, үй-бүлөнү туура пландап, кош бойлуу болгонго чейин, кош бойлуу кездеринде жана төрөгөндөн кийин дагы ден соолуктарына көңүл буруулары зарыл.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE