Пример HTML-страницы

Ак-Шыйрак айылына жол качан ачылат?

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунда 29-майдан тарта бир нече күн тынбай жааган кар учурда ээрий элек. Анын кесепетинен жайлоолорго баруучу жол жабылып, мал-жандыктар өлүүдө.

КРдин Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов төмөнкүлөргө токтолду.

«Барскон айылынан Ак-Шыйрак айылына чейин 208 чакырым болсо, кечээ саат 21:00дө техника 150-чакырымга чейин тазалап барды. Бүгүн да тазаласа, түндө жол ачылып калат деп жатабыз. Ал жерде учурда 3 техника иштеп жатат. Жол ачылса, 5 унаа 800 түк чөп жеткирүүгө даяр турат. Жергиликтүү жашаган тургундар бар. Мал-жандыктардан чыгаша болуп жатат. Ал эми жабыркаган, жаракат алган тургундар жок. Ак-Шыйрак жана анын жанындагы айылда жалпы 341 жаран жашайт», — деди ал.

Ошондой эле Ак-Суу районунун Кайыңды жайлоосунда карай тазалоо иштери жүрүп жатканын айтып, жакын арада бул жайлоого да жол ачыларын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE