Пример HTML-страницы

Айылдын нуру болгон Усманалинин Баткендеги жашоосу

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарынын 24 жаштагы тургуну Усманали Кубанычбек уулуна түспөлдөш адамдар дүйнөдө сейрек кездешет. Ал альбинос деп айтылып, тери, каш-кирпигинен бери ак болуп төрөлүшөт. Анын төрөтканада альбинос экенин апасы эч таңыркоосуз кабыл алган. Анткени бул анын ата-тегинде кездешкен генетикалык тукум улоо болуп саналат.

«Эс тарткандан баштап эле айылдаштарым: «сенин чоң атаң ушундай болчу» деп айтып калышар эле. Бул биздин канда бар, тукум кууйт. Үй-бүлөдө беш бир тууганмын, 4 кыз жана 1 уул. Менден кийинки карындашым да мага окшоп альбинос. Калгандарынын баарынын кашы-көзү кара. Мен төрөлгөндө дарыгерлер апама «бул сенин балаң» дешсе, жылмайып, таң калбай эле кабыл алган экен.

Башка адамдардан айырмаланып, тери, каш, кирпик, чачтарым ак. Кудайга шүгүр, 12 мүчөм соо, ден соолугум чың. Көзүм көрөт, бирок көпчүлүгү «көзүңө көз айнек тагып ал» дешет. Мен ага көнгөн эмесмин, такпай эле жүрөм. Көчөдө кетип баратсам, баары таңыркап карай беришет. Буга чейин Россияда иштеп жүрдүм, ал жактагы мекендештер мени кыргыз деп ойлошчу эмес. Баары орус тилинде кайрылышчу, анан «мен кыргызмын» десем, таң калып карап калышчу.

Альбиностордун териси жука болот. Анткени алардын организминде ткандарга өң берүүчү зат, меланин жок болот. Күнгө күйгөндө кадимки адамдар карарса, биз кызарабыз. Альбиностор Кыргызстанда көп деп угам. Дүйнөдө альбиностордун саны боюнча, Кыргызстан 4-орунда турат экен», — деди ал.

Каарманыбыз учурда эмне менен алек болуп жатканын айтып берди.

«Бир жолу жума намазга мечитке барсам, ошол жердеги аксакал киши: «сен кайсы айылда төрөлсөң, ошол айылдын нурусуң» деп кубантты. Бул Куранда дагы айтылган экен.

Автобуста мени бир эже карап баратып, түшүп калчу аялдамасынан өтүп кетиптир. Анан мага “ай балам сени карап жатып, өтүп кеткен турбаймынбы” деп коёт (күлүп). Негизи мындай учурлар көп эле болот.

Кичинекей кезимден эч ким менен мамиле кылууну каалабаган, түнт бала болчумун. Кийин ойлосом, менин чыгармачылыкка болгон шыгым бар экен. Азыркы тапта ыр жазып, тамадалык менен алектенем. Тойлорго кызматка барсам, «сиз менен чогуу сүрөткө түшүп алалы» дегендер көп. Анан да менин сөзүмө эмес, түсүмө көп көңүл бурушат», — деп сөзүн жыйынтыктады Усманали Кубанычбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE