Пример HTML-страницы

Африкадан тараган дорпер койлорду баккан кара-суулук фермер (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунун тургуну Жаныбек Ажимаматов дорпер породасындагы койлорду багат. Учурда анын чарбасында 200дөй кой бар. Фермер менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

Фермерликке кадам таштаганына бир нече жыл болгон Жаныбек Ажимаматов аталган кой чарбаны 2020-жылы түптөгөн. Ал аталган койлордун породасы Түштүк Африкада аргындаштырылганын, ошондукан бул койлор ысыкка да, суукка да чыдамдуу экенин белгилейт. Фермер учурда асыл тукум мал чарбасы деген макам алууга аракет кылып жатат.

«2020-жылы Бишкектеги тааныштарымдан 20 баш кой алган элем. Андан кийин ар кайсы жактан топтопдук. Азыркы күндө 200 баш болуп калды. Ак жана кара-ак дорпер койлор бар. Дорпер эт багытындагы порода. Жергиликтүү койлорго караганда этти көп берет. Анан калса жүнүн кыркып отурбайсың, өзү эле түшүп калат. Мындан сырткары чөп тандабай жейт», — деди фермер.

Анын айтымында, дорпер породасы дүйнө жүзү боюнча эт багытындагы койлордун экинчи сабында турат. Бул порода эки койдун породасынан аргындаштырылган.

«Алгач бул койлор Түштүк Африкада аргындаштырылган деп жүрүшөт. Азыр козулары күнүнө 500 граммдан эт кошот. Козу туулгандан кийин 3 айдан соң сойгонго жарап калат. 2 жылда 3 жолу төлдөйт», — деди ал.

Дорпер породасындагы койлор этти көп бергендиги менен белгилүү. Алар Африкадан, тактап айтканда эң кургак аймактардан тараган. Бул алардын жем-чөпкө жана ар кандай жер шартына ийкемдүү экендигин түшүндүрөт.

Дорпер койлору бир өңчөй жана начар тамактанышса да салмагынын өсүшү токтоп калбайт. Ошол эле учурда ден соолугу чың, иммунитети күчтүү болот. Ушундай өзгөчөлүгүнүн аркасында бул порода бүткүл дүйнө жүзүндөгү кой багуучулардын арасында популярдуулукка ээ.

Ошондой эле аталган породадагы койлор сырткы көрүнүшү менен да бир топ айырмаланат. Койлор мезгилдүү түлөө болгондо эски жүнүнөн өз алдынча арылышат. Бозомук тармал жүнү бир гана каптал тарабында жана белинде байкалат. Ошол эле учурда алардын териси ачык түстө болот.

Адистердин айтымында, жагымсыз жыттан улам эт жей албагандар бул породадагы койдун этин жактырып кетишет. Дорпер эти мыкты даамга жана жука май катмарына ээ. Ошол эле учурда бул жаныбардын этинде холестерол курамы өтө төмөн.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE