Пример HTML-страницы

А.Керимбекова тогуз коргол боюнча 1 жүрүштөн улам дүйнө чемпиону болбой калган

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарынын 31 жаштагы тургуну Аида Керимбекова 6 жашынан баштап тогуз коргол боюнча мелдештерге катышып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Манас айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча технолог.

«Тогуз коргол ойногондон тышкары сууда сүзгөндү жакшы көрөм. Бош убактымда музыка укканды жана чуркаганды жакшы көрөм. Спорт менен машыгып турам. Атам машыктыруучу болгондуктан өзүм тогуз коргоолду 5 жашымдан үйрөнгөм. 6 жашымда биринчи жолу мелдешке катышкан элем.

Ата-энем, бир туугандарым кызыгуума колдоо көрсөтүп келишет. Кайсы жакка барбайын атам дайыма колдоп, жанымда жүрөт. Кызыктуу оюн учурунда көп эле учурлар болот. Бир жолу өкүнүчтүү да окуя болду. Казакстандын Алматы шаарында дүйнөлүк чемпионат болуп жаткан учур эле. Казакстандык оюнчу Далиева Асел менен көп жолу беттештик. Бирок аны бир да жолу ута албай жаткан болчумун.

Ошол чемпионатта үстөгү корголду төрткө тартпай койгонум үчүн мен утулуп калган элем. Болбосо ал оюнда мен утуп келе жаткан элем. Бардыгы мага ошол катамды айтып жүрүштү. Эгерде мен бир эле жүрүштү туура жүргөндө мен дүйнө чемпиону болмокмун. Ошондо 2-орунду ээлеп калган элем. Кийин Казакстанда өткөн оюнда Аселди утуп алдым. Ал дагы аябай кызыктуу оюн болгон.

Менин окуучум да бар. Карантин убагында Талас шаарынын №3 мектебинде машыктыруучу болуп иштеп калдым.

Биз үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Байкем, эжем жана иним бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE