Пример HTML-страницы

9 жаштагы баланын өлүмүнөн кийин бир тууган эжеси кармалган. Тергөө аяктады

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында 9 жаштагы баланын өлүмү боюнча кылмыш ишти тергөө аяктап, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш 2024-жылдын 11-мартында сотко өткөрүлгөн. Инисинин өлүмүнө шектелип жаткан 2005-жылы туулган кыз 2023-жылдын декабрь айынан бери тергөө абагында камакта.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн жакындары кызды психологиялык жактан жабыркай турганын айтышкан. Аны аныктоо максатында дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, ишке тиркелди.

Буга чейин Turmush Ош шаарында эжеси тарабынан бычакталган 9 жаштагы окуучу каза болгонун жазган.

Алдын ала маалыматка караганда, шектүү кыз иниси тамак жебей койгондо көкүрөк тарабына сайып жиберген.

Кичинчерээк Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 9 жаштагы окуучунун өлүмүнө шектелип бир тууган эжеси кармалганын билдирген.

Маалыматка караганда, окуя 2023-жылы 17-декабрда шаардын Туран кичи районунда болгон.

«2014-жылы туулган баланын өлүмүнө шектелип анын бир тууган эжеси — 2005-жылы туулган кыз кармалды. Шектүү инисинин көкүрөк тушуна ашкана бычагы менен сайып жиберип, окуя болгон жерден качып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу окуя болгон жерде алган жараатынан улам каза болгон», — деп айтылган малыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE