Пример HTML-страницы

72 адамды үйүнө батырган Дубанаевдердин үй-бүлөсү. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын четиндеги Достук айылында, Дубанаевдердин үйүндө Баткенден эвакуация болуп келген 72 адам күн кечирүүдө. Алардын 40ы жаш балдар болсо, 32си чоң адамдар.

Дубанаевдердин үйүндө Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек, Паскы-Арык, Ак-Сай айылдарынан келгендер жашап жатат. Алардын Ош шаарына келгенине бир нече күн болгон. Үй кожойкеси Халбү Дубанаева учурда балдар психологиялык жардамга муктаж экенин айтат.

«Учурда 72 адам бар. Алардын көбү жаш балдар. Балдарда психологиялык маселе бар. Балдар бакча же башка нерсе уюштуруп беришсе, жакшы болмок», — деди Х.Дубанаева.

Дубанаевдердин үй-бүлөсү тажик тараптан куралдуу кол салуу башталгандан тартып эле туугандары менен байланышкан. Өткөн аптадан тартып элди чакырып башташкан. Алар азык-түлүктөрдү камдап, эвакуация болгон адамдарды күтүп турушкан.

«Тургундар келе баштады. Анын ичинде туугандарыбыз, тууган эмес адамдар да келди. Көбүнчө үй комитеттин башчысы, поликлиникадан жиберип жатышты. Башында адамдардын саны аз болчу. Акырындап көбөйдү. Негизи 78 адам болчу, андан алтоо Бишкекке кетти. Азыр 32 чоң адам, 40 мектеп курагындагы балдар бар. Биз балдарыбызды мектепке жөнөткөндө, булар башкача абалда болуп калышат. Азыр эми муктаждык балдарда көбүрөөк. Кечээ балдарды ойнотуп кетишти. Жаш балдары барлар кыйналып жатышат. Бирок, үйлөрүнө бааруудан коркуп калышыптыр», — деди аталган үй-бүлөнүн келини Арзыгүл Асанова.

Азыркы күндө Дубанаевдердин үйүндө Самаркандек айылынын тургундары да күн кечирүүдө. Алардын бирөөсү—Ташбүбү Абдрахманова окуя кандайча башталганын сөз кылды. Анын айтымында, октордун добушу чыгары менен унаага отуруп, Рабат айылына качышкан.

«Самаркандек айылынан келдим. Самаркандек айылы ортодо жайгашкан. Бир жагыбызда тажиктер, ал жагы Шороптон, Паскы-Арыктан атылды. Ок атуу токтобой койгондуктан, унаа менен Рабат айылына бардык. Ал жакта эки күн түнөдүк. Анан ӨКМдин кызматкерлери: «Басылды, үйүңөргө таркагыла» деди. Үйгө келсек, таң атпай саат беште дагы ок атылды. Окту угуп, бала-чака ызылдап, Рабатка барып, 4 күн турдук. Анан биякка келдик», — деди Т.Абдрахманова.

——————————————

Акыркы маалыматтар боюнча, чек арадагы куралдуу кол салууда каза болгондордун саны 59 адамга жетти, алардын арасында жаш балдар да бар. Жабыркагандардын жалпы саны — 198 адам. Алардын көпчүлүгү Бишкек, Ош шаарындагы ооруканаларга жеткирилди.

      • Каза болгон жарандардын алдын ала тизмеси бул шилтемеде.

14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тараптан ок атылып баштаган. 17-сентябрга чейин абал чыңалган деп бааланды. Тажик тарап чек ара тилкелеринде ок атышууларды токтотуу тууралуу макулдашууларга карабай, ок атууну токтоткон эмес.

Баткен облусунда 136 миң 770 адам үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга эвакуация болууга мажбур болушту.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап оор техникаларды — танк, «БТР», «БМП» жана минометторду колдонгонун билдирген.

«Кыргызстандын аймагына болгон куралдуу кол салууга сакалчан, кайсы бир аскердик бөлүккө таандык белгиси жок, кара түстөгү аскердик кийим кийген, сыртынан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөсүндөй (жалданма жан кечти) көрүнгөн эркек кишилер аралашты», — деп айтылган УКМКнын маалыматында.

Тажикстан Баткен облусуна гана эмес, Ош облусуна да кол салды.

18-сентябрда гана абал турукташты.

Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун инфратүзүмү талкаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE