Пример HTML-страницы

5 кызды жалгыз тарбиялаган Ырысбү Алибекованын гүлзарга айланган бакчасы

Акыркы жанылыктар

TurmushБеш кызды тарбиялап өстүрүп, «Москва районунун айымдары» аттуу журналга чыккан жалгыз бой эне — 52 жаштагы Ырысбү Алибекова Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында жашайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, чакан бакчасынан эле кышкы азыктарды даярдап алат.

«Ой толгоп отурсам, жалгыз бой эненин түйшүгү сыртынан караганда жөпжөнөкөй туюлганы менен бир топ көйгөйлүү. Ооба, жалгыз деген жалгыздык да. Балдарымдын атасы менен пикир келишпестиктен ажырашкан соң, 5 кызымды жетелеп, оор күндөрдү басып өттүм. Сыртка чыгып эркек, үйгө кирип аял болуу мени турмушка чыйралтты. Албетте, туугандарым, ата-энем өз кезегинде жардам бергени менен ар кимдин жашоо жолу өзүнчө да. Ошентсе да, ыраматылык атам, апам неберелерин көз карегиндей карап, түйүнчөгүнө таттууларын түйүп, күн алыс жетип келчү. Эми ойлосом атам өз кезегинде эл сыйлаган, кадырлаган совхоздун эң алдыңкы чабаны болгон экен. Баса, ал союз мезгилинде эң алдыңкы чабан катары өкмөттөн «Жугили» үлгүсүндөгү унаа менен сыйланган. Ушундай кадыр- барктуу адамдын кызы болгонума сыймыктанып, атасыз эле 5 кызымды жетилттим. Эми 2 неберемди жетелеп, кээде эс алсам, айрым учурда өзүм сүйгөн «Ак-Суунун ак элечек айымдары» шайыр апалар тобунда обон созом. Ооба, бул талант кичи мекеним Жалал-Абад облусунун Аксы районунда эле башталган», — деди ал.

Андан соң ал балалык күндөрүндө башталган таланты жөнүндө кеп козгоп: «1970- жылы 14- мартта Жалал-Абаддын айтылуу Аксы жергесинде жарык дүйнөгө келгем. Окуучулук күндөрдө мектептеги өздүк көркөм чыгармачылык ийриминин активдүү кызы элем. Ак бантигимди желбиретип, сахнадан түшпөй «Ак гүлдөр, көк гүлдөр» деп обон созо берчүмүн. Ошентип, бой жеттим.

1998-жылы турмуш шартка байланыштуу Москва районунун Беловодск айылына көчүп келдим. Кыздарым жетилди. Учурда бири Туркияда, бири Москвада болсо, үчөө Бишкек шаарында турушат. 1999-жылы «Ак-Суунун ак элечек айымдары» шайыр апалар тобуна кошулуп, эл алдында кайрадан обон созо баштадым. «Данакер», «Жаратман» төш белгилерин тагындым. Негизи, мен ыр жандуу адам окшойм. Себеби үйдөбү, көчөдөбү ырдагым келе берет. Ичимден обон созуп, кээде кайрыктарында үн да чыгарып жиберем. Анда неберелерим күлүп жиберишип, «тайэнемдин таңшы обону» деп калышат. Ошентип эркелешсе, катуу үн чыгара обон созуп да коём. Биз өзүбүздүн чакан короодо концерт коёбуз.

Баса, үй алдындагы 10 сотых жерде алма, алча, карагат, картошка, пияз, сабиз, помидор, бадыраң жана башка жашылча-жемиштерди өстүрүп алгам. Ошол чакан эле жерден кышкы азыктарды даярдап алам. Таң эрте туруп эле короомдогу гүлдөр менен «сүйлөшөм». Айрым атуулдардын короосун чөп басып жатканын көрүп, өзүмчө ичимден капа да боло берем. Айтмакчы, «Москва районунун айымдары» аттуу журналга да чыккам», — деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE