Пример HTML-страницы

3 балалуу келин күйөөсүнүн бөлөсү менен жашырууга аракет кылган сыры айылды дүң кылган. Таластагы окуя

Turmush2021-жылы Талас облусунун Манас районунда күйөөсүн өлтүрүүгө айыпталып соттолгон келиндин иши Жогорку сотко чейин кетти. 2023-жылдын 12-июлунда Жогорку сот бул кылмыш боюнча материалдарды келиндин жактоочусу А.Э.нин кассациялык даттануусунун негизинде карап чыгып, акыркы өкүмдү кабыл алды.

Айыпталуучу Мавлюда (аты өзгөртүлдү, Х.М.Э.) 1994-жылы Манас районунда туулган, 4-класска чейин гана билим алган, мурда соттолгон эмес.

2021-жылдын январь айында Талас ОИИБден Манас районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген 27 жаштагы келин кармалганын кабарлашкан.

Маалыматка караганда, Манас районунун Новодонецк айылынын 1994-жылы туулган Н. аттуу тургунунун денеси 30-январь күнү саат 06:30 чамасында өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Ал бир нече жаракат алып, каза болгон.

Аталган факт КР Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иш козголгон.

Иликтөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектелип маркумдун аялы кармалып, Кара-Буура РИИБде камакка алынган. Экөөнүн ортосунда 3 бала бар.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Мавлюда 2021-жылы 29-январдан 30-январга караган түнү саат 23:30 чамасында күйөөсү Немат менен уруша кеткен. Андан кийин үйдүн кире бериш жеринде диванда жаткан жолдошун башка, бетке балта менен бир нече жолу уруп өлтүргөн.

Кылмышын жашыруу максатында ошол эле айылда жашаган жолдошунун бөлөсү Рамзанды (аты өзгөртүлдү, Ч.О.Р.) телефон чалып чакырып, кылмыштын изин жашырууга жардам сураган. Андан кийин экөө жансыз денени үйдөн сыртка чыгарып, мал сарайдын жанына таштап коюшкан.

Манас райондук сотунун 2022-жылдын 27-декабрындагы өкүмү менен КР Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакция) 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча айыптуу деп табылып, 10 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Ал эми Талас облустук сотунун 2023-жылдын 27-февралындагы өкүмү менен Мавлюда КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пункту (адамдардын тобу тарабынан адам өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, 12 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Жактоочу А.Э. бул өкүмдөр менен макул болбой, кассациялык даттануусунда анын жактоосундагы Мавлюдага карата актоо өкүмүн кабыл алып берүүнү суранган. Анын айтымында, соттор ишти кароодо иштин материалдарын терең, объективдүү изилдеген эмес. Далилдерге жана окуянын жагдайларына туура баа берилген эмес. Соттук-психиатриялык экспертизалардын корутундуларындагы карама-каршылыктар жоюлбай, бир гана Мавлюданын жактоочусуз күбө катарында суралган протоколундагы көрсөтмөлөрүнө басым жасалган.

Мындан улам жактоочу иштин материалдарын объективдүү карап, даттануудагы негиздерге туура баа берип, мыйзамдуу чечим кабыл алып берүүнү сураган.

Жактоочу А.Э.нин даттануусуна карата Талас облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору Р.И. тарабынан каршы пикир келтирилип, анда апелляциялык инстанция соту тарабынан айыптоо өкүм изилденген далилдерге ылайык кабыл алынганын, анткени иш боюнча Мавлюданын күнөөсү толук далилденгенин көрсөткөн.

Жыйынтыгында Мавлюда тууралуу Талас облустук сотунун 2023-жылдын 27-февралындагы өкүмү өзгөртүлдү.

Мавлюданын 2021-жылдын 30-январынан тартып 2023-жылдын 27-февралына чейин камакта кармоонун бир күнү эркиндигинен ажыратуунун эки күнүнө барабар деп эсептелинди.

Өкүмдүн калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылды. Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.

Мавлюданын облустук сотто берген көрсөтмөсү: 2021-жылдын 29-январь күнү жолдошу Немат түшкү тамактанууга өзүнүн тууганы (бөлөсү) Рамзан менен келип тамактанышкан. Андан кийин жолдошу Мавлюданы малга чөп салбай калгандыгы үчүн урушкан. Немат өзү малга чөп салганга чыгып кеткен. Ошол учурда Рамзан ага «Немат сенин кадырыңды билбейт. Мени менен жүрүп албайсыңбы. Мен сени алаканыма алып жүрмөкмүн» деп айтканда чочуп кетип, «эмне деп жатасың?» деп аны кагып койгон. Рамзан колундагы чыныны столго катуу коюп: «Сен баары бир меники болосуң» деп үйдөн чыгып кеткен. Жолдошу малга чөп салып келип, чайын ичип, ички бөлмөгө кирип жатып алган. Өзү дасторконду жыйнап, жолдошунун жанына барып, Рамзанын сөзүн айтып берген. Жолдошу телефонду алып, Рамзанга 2-3 жолу чалган. Бирок ал телефонго жооп бербей койгондо жолдошу ага жумушка бара жатып жолугарын айткан.

Немат ошол күнү кечке маал жумуштан келгенде диванда телефонун кармалап жатып, «менин өмүрүм Рамзандын колунда экенби?» деп кайра-кайра күбүрөгөнүн уккан. Андан кийин жолдошу өзүнүн таякелери менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып, окуяны аларга айтып берип, «2 балам силерге аманат» деп айткан.

Түндө жолдошу телефон аркылуу башка бөлмөдө Рамзан менен сүйлөшүп жатканынан улам өзү кичүү баласын эмизип отуруп уктап кеткен. Бир убакта кичине баласы кыймылдаганынан ойгонуп кетсе, күйөөсү жаткан бөлмөдө кандайдыр бир үндөр угулган. Ал бөлмөгө барып, жарыкты күйгүзүп, Рамзан колуна кан тамчылап турган балтаны кармап турганын көрүп коркуп кеткен. Ага «Сен эмне кылдың? Баары бир сени кармашат, билинет» дегенде, Рамзан анын чачынан сүйрөп, жолдошунун жанына алып барып, колуна балтаны карматкан. Аркасынан кучактап, өзү да кармап, күч менен жолдошунун бет жана баш тарабына чапкылаткан. Өзү коркконунан көзүн жумуп тура берген. Андан кийин ыйлай баштаганда Рамзан балтаны алып, балдар жаткан бөлмөгө кирип барып: «Азыр менин айтканымды кылбасаң, балдарыңды да өлтүрүп салам» деп коркуткан. Коркконунан Рамзандын бутуна жыгылып, «айтканыңдын баарын кылам, балдарыма тийишпе» деп суранган.

Анан «пакет бер» деп, аны өлүп жаткан күйөөсүнүн башына кийгизип, эшикке сүйрөп чыгып кеткен. Нематты сүйрөп чыгып бара жатып, «мен келгенче бул жерди жыйнап кой» деген. Бирок ал бөлмөнү жыйнабай, сыналгы жакта турган телефонун алып чалайын деп жатканда, Рамзан кайра кирип келген. Ал колунан телефонду алып, кайрадан балта менен балдар жаткан бөлмөгө кирип барып: «Балдарыңды өлтүрөм деп айтпадымбы. Же тамашалап жатат деп ойлодуңбу?» деп айткан. Ого бетер коркуп, анын бардык айткандарына макул болгон. Андан кийин Рамзан жүк жапкычты берип, ал ошол жерде турган чылапчынга жууган. Анан балтаны берген. Балтанын сабы эски болгондуктан жууса кандын тактары кетпей, Рамзан балтаны колунан алып, мешке салып таштаган. Кан болгон төшөктүн сыртын, жаздыкты да мешке салып койгон.

Рамзан бир аздан кийин «Кошуналарды телефон чалып чакырасың. «Күйөөм эшикке чыгып кеткен бойдон жок» деп, эч нерсе билбегендей болуп айт» деген. Кетип бара жатып пакет сурап, мештеги балтанын башын алып чыгып (сабы отко күйүп кеткен), ага суу куюп, пакетке салып алып кетип калган.

Рамзан саат канчада кеткенин, кошуналарга канча убакыттан кийин телефон чалганы эсинде жок. Ал кошуналарына телефон чалып чакыргандан кийин алар кирип келип, күйөөсүнүн денеси сарай жакта иттин жанында жатканын көрүшкөн. Коркконунан кошуналарына да Нематты Рамзан өлтүрдү деп айткан эмес. Кошуналары келип, ыйлап, милициягы жана дарыгерлерге телефон чалып чакырышкан. Ал учурда эсин жоготуп жаткан. Милиция кызматкерлери аны РИИБге алып барып, ал жерден коркутуулар болуп, айла жок кылмышты мойнуна алган.

Мавлюда буга катар эле Рамзан экөөнүн ортолорунда жакын мамиле жок экенин айтып, аны Кылмыш-жаза кодексинин 367-беренеси (кылмышты жаап-жашыруу) менен күнөөлүү деп таап, үй камагына чыгарууну суранган.

Рамзандын көрсөтмөсү: Ага 2021-жылы 29-январдан 30-январга караган түнү болжол менен 00:30 чамасында Мавлюда телефон чалып, үйүнө тез кел деп чакырган. Анын үйүнө барса, Мавлюда колуна балта кармап, жолдошу жаткан дивандын жанында турган. Жолдошун бут жагына чейин шейшеп менен жаап койгонун көргөн. Мавлюда ага жолдошун сыртка чыгарганга жардам бер деп айтып, болбосо аны да балталап саларын айтып коркуткан. Мавлюданын көрсөтмөсү менен маркумдун денесин сарай жакта иттин жанына жаткырышып, өздөрү кетип бара жатканда Мавлюда ага күнөөнү мойнуна алып, 2-3 күн камакта болсо, атасында акча көп экенин, чыгарып аларын айткан. Бирок Мавлюданын бул сөздөрүн андан ары укпай кетип калган. Үйүнө баргандан кийин болжол менен таңкы саат 4:00-5:00 чамасында ага Мавлюданын кошуналары телефон чалып чакырган. Барса, маркумдун денесин үйүнө киргизип, милиция кызматкерлерин жана дарыгерлерди чакырып, Мавлюданы милиция бөлүмүнө алып кетишкен.

Мавлюда ал жактан күнөөсүн толук мойнуна алган. Бирок ал милиционерлерге жолдошунун денесин Рамзан дагы сыртка чыгарышканын айтпаганын угуп, өзү жардам бергенин милицияга айткандан коркуп, бул жагдай боюнча маалымат берген эмес.

* Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE