Пример HTML-страницы

1991-жылы Ысык-Көлдүн борборунда Ноорузду кантип майрамдашкан?

Акыркы жанылыктар

TurmushЭки күндөн кийин, тактап айтканда 21-мартта Кыргызстандын аймактарында Нооруз майрамы белгиленет. Архив кызматынын Ысык-Көл региондук башкармалыгы 1991-жылдагы Нооруз майрамында тартылган сүрөттөр менен бөлүштү.

Кыргызстанда 21-мартты элдик Нооруз майрамы катары жарыялаган Жогорку Кеңештин мыйзамына 1991-жылдын 1-февралында кол коюлган. Кыргызстандыктар Ноорузду 33 жылдан бери салтанаттуу түрдө белгилеп келишет.

Нооруз перс тилинен алганда «нав» жаңы жана «руз» күн дегенди түшүндүрөт. Тарыхчылар «жаңы күн» чыгыш элдеринин табигат мезгилин сүрүштүрүүдө колдонулган күн календары боюнча жаңы жылдын башталышы катары эстелинерин айтышат.

Бул сүрөттөр Каракол шаарында 1991-жылдагы Нооруз майрамында тартылган. Анда борбордук аянтта сахна жасалгаланганын көрүүгө болот. Ошондой эле бадырак тараткан баба дыйкан, улуттук кийимчен тургундар тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE