Пример HTML-страницы

Өзгөндүн аймактарында сел жүрүп, үйлөрдүн короолорун суу каптады

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 18-майда Ош облусунун Өзгөн районунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жылалды айыл өкмөтүнүн Калта айылында катуу жааган жаандын кесепетинен 4 турак жайдын короолоруна сел суулары кирген. 3 куткаруучу тазалоо иштерин толугу менен жүргүзүп, саат 20:30да кайтып келишти.

Куршаб айыл өкмөтүнүн Шагым айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен арыктардын сел суулары ашып, 2 турак үйдүн короосуна кирип, ички чарбалык жолду каптаган. Учурда жергиликтүү бийлик тарабынан 1 экскаватор тартылып, тазалоо иштери жүрүп жатат.

Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында саат 18:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен 5 турак үйдүн жер төлөсүнө, 13 турак үйдүн короо-сарайларына суу кирген. Өзгөн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу авариялык-куткаруу автоунаасы менен саат 21:24тө жерине жетип, 2 турак жайдын жер төлөсүн тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө. Ал эми 3 турак жайды жашоочулар өздөрү тазалап алышкан.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, милиция кызматкерлери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте иш алып барууда.

«Сел жүргөн жерлерде коопсуздук чараларын көрүү максатында милициянын участкалык ыйгарым укуктуу тескөөчүлөрү жана жол кыймылынын коопсуздугун сактоо кызматынын кызматкерлери жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Кара-Суу районунун көптөгөн айылдарында сел жүрүп, эгин талаалар жана турак жайлар зыянга учураган. Учурда жаратылыш кырсыгын жоюу жана жарандарды коопсуз жайга чыгаруу, чыгымдарды тактоо боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жашоочулар менен иш алып барышууда», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE