Пример HTML-страницы

Үй-бүлөнүн Ысык-Көлдөгү эс алуусу бир адамдын айынан үрөй учурган кырсык менен аяктады (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБалыкчы шаарында жол кырсыгына күнөөлүү болгон «КамАЗ» үлгүсүндөгү унааны айдоочусу шарттуу түрдө кесилди. Мындай чечимди 2021-жылдын ноябрь айында Балыкчы шаардык соту чыгарган.

Айыпталуучу Жоомарт (аты өзгөртүлдү Ж.М.А.) 1984-жылы туулган. Балыкчы шаарынын тургуну, орто атайын билимдүү, үйлөнгөн эмес, убактылуу иштебейт, 2013-жылы кылмыш жоопкерчилигине тартылып, бирок иш кыскартылган.

Ага карата Жазык кодексинин 297-беренеси («Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу») (ред. 2017-ж.). боюнча кылмыш иши козголгон.

2021-жылдын июнь айынын аягында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 27-июнь күнү саат 18:40 чамасында Балыкчы шаарынын Абдрахманов жана Спортивная көчөлөрүнүн кесилишинде үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Балыкчы шаарынын 37 жаштагы тургуну Ж.М. өзүнүн «КамАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну К.А.нын башкаруусундагы «Хендай Соната» үлгүсүндөгү унаасы менен жана Каракол шаарынын 57 жаштагы тургуну Ш.И.нин башкаруусундагы «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаасы менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен «Хендай Соната» унаасынын 40 жаштагы жүргүнчүсү М.Ю. жана жүк ташуучу унаанын айдоочусу райондук ооруканага жеткирилген. Текшерүүнүн жүрүшүндө «КамАЗ» унаасынын айдоочусу Ж.М. мас абалында болгон.

Соттук отурумдун жүрүшүндө Жоомарт күнөөсүн мойнуна алып, 2021-жылдын 27-июнунда саат 17:00 чамасында «КамАЗ 35320» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен жумушка кеткендигин айткан. Тору-Айгыр айылында кыш жүктөп, Балыкчыга кайтып бара жаткан.

Анын айтымында, Балыкчы шаарынын Абдрахманов жана Спортивная көчөлөрүнүн кесилишинде рулду башкара албай калып, жол жээгинде турган «Хендай Соната» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн.

Эскертүү! Видеодо маданиятсыз сөздөр айтылган

Марат (аты өзгөртүлдү М.Л.Ю.) үй-бүлөсү менен Ысык-Көлдүн жээгинде эс алып, Бишкек шаарына кайтып келе жаткан.

Иш боюнча күбө катары «Хендай» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Карим [аты өзгөртүлгөн К.А.] болгон. Анын айтымында, ал унааны ижарага алып, жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген. Ошол күнү саат 17:00 чамасында Бостери айылына жүргүнчүлөрдү алып кеткен — алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү, жубайлар жана эки баласы болгон. Саат 17:30 чамасында алар Балыкчыга жол тартышкан.

Арткы отургучта отурган Марат айдоочу Каримге кайрылып, алардын артында бара жаткан унаадан адамдар кол булгалап жатканын, бул дөңгөлөктүн бузулушунан кабар бериши мүмкүн экендигин айткан. Карим бурулуп жолдун четине чыгууга аракет кылганда, арт жактан «КамАЗ» аларды сүзгөн. Катуу соккудан унаа капталга ооп кеткен. Кыйкырык башталгандан кийин окуяга күбө болгондор чуркап келип, жардам көрсөтө башташкан.

Иштин материалдарын карап чыгып, 2021-жылдын 23-ноябрында Балыкчы шаардык соту айдоочуну күнөөлүү деп таап, 2 жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда соттун өкүмү менен 1 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндөгү жазадан бошотуу менен пробациялык көзөмөл дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE