Пример HTML-страницы

Жумгалдын Чаек айылындагы эки тургун үчүн атайын комиссия түзүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын тургуну Даирбек Арзыматов акыркы 20 жылдан ашык убакыттан бери пайдаланып келе жаткан жерине учурда сугат суу ала албай, убайым тартып келет, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жергиликтүү тургундун айтымында, айдоо аянтынын үстүндө жайгашкан арыкты Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын агасы Каныбек Алымкулов жаап салган. Себеби, арык анын жеринин ортосунан өтөт. Мындын улам Даирбек Арзыматов аталган жагдай боюнча айыл өкмөтүнө арыз менен кайрылган. Айыл өкмөтү Даирбек Арзыматов менен Каныбек Алымкуловго бул маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүнү сунуштаган. Бирок аталган сунуш Каныбек Алымкулов тарабынан четке кагылгандыктан, атайын комиссия түзүлгөн.

  • Жерине барган комиссия өкүлдөрү эки жаранга тең сугат суу бербөө чечимин кабыл алышкан. Мындан тышкары, жерлеринин аянтын ченөө боюнча дагы бир комиссия түзүлө тургандыгы айтылып, акт түзүлгөн.
  • Аймактык кабарчы билдиргендей, комиссия келген маалда жергиликтүү тургундар өз ара урушуп, «бүгүн жаным чыгып кетсин дечи» дегенге чейин барышкан.

Даирбек Арзыматов аталган жерди 1996-жылы үлүш жер катары алып, өзүнө каттатып алган. Ошол мезгилден берип, жер иштетип келген.

«Каныбек Алымкуловдун жерин аралаган арыктан суу алып, жакшы эле колдонуп келгенбиз. Эми ичи тардыгынан эле арыкты жаап, мага суу бербей жатат. Каныбек Алымкуловдун иниси Чаек айыл өкмөтүнү башчысы Рустамбек Алымкулов. Анын жеринин төмөн жагында менин 1 га жерим, Каныбек Алымкуловдун жеринин алдында 1 га жерим бар. Негизи ал алган жердин жээгинде атайын жол болгон. Бул аны да тосуп алып, ал да менин жерим деп келет.

Мындай маселени жергиликтүү бийлик чечип бербейт экен. Муну жогору жак көзөмөлдөп берсе, жакшы болот эле», — деди ал.

Аталган айдоо аянттары Жаман-Талаа аймагынын Насос участкасында жайгашкан. Каныбек Алымкуловдун наамында жери жок. Бирок апасы Насипа Алымкулованын 2 гектар жери, чоң апасы Жумагүл Черикованын 2 гектар жери бар. Каныбек Алымкулов ушул жерлерге ээлик кылып, чөп айдап келет. Анын айтымында, аталган арык ага тиешелүү жердин так ортосунан өтөт. Бирок Даирбек Арзыматовдун балдары жер сугарууда арыкты туура колдонбой, айдоо аянтын тебелеп жатат.

«Ал менин менчик жерим, каалаган жеринен арык казып, жерине суу алып барып алсын. Ал арык жок, жаап салдым. Билген жерлерине барышсын, сотко беришсин», — дейт К.Алымкулов.

  • Учурда бул маселеге чекит коюла элек. Атайын комиссия эки жаранды сотко кайрылууну сунуштаган.

Жер айдоо башталган учурда арык талашып урушкан дыйкандардын окуялары көп кездешет. Буга чейин Turmush Таласта кошуналар арык талашып, 62 жаштагы аял жаракатынан улам ооруканага жеткирилгенин жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE