Пример HTML-страницы

Жумгалда пенсиядагы жубайлар күнөскана иштетип, 1 тоннага жакын бадыраң сатып жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushПенсионер Шамшидин Кожомкулов аялы менен акыркы 6 жылдан бери күнөскана иштетет. Аны 2016-жылы долбоор аркылуу курушкан. Бул ирет социалдык долбоор аркылуу 100 миң сомго күнөскананы жакшыртып, кышкы мезгилге даярдап жатышат.

Шамшидин Кожомкуловдун айтымында, күнөскананын ичинде жылуулук тармагы жок жана кышкысын иштөөгө шарт каралган эмес.

«Быйыл Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин каржылоосу менен 100 миң сомго үстүн поликарбонат менен жаптык. Бул жылтыракка караганда эки эсе жылуулук өткөрөт экен. Ошондой эле бекем да болуп, шамалга туруштук берет экен. Мындан тышкары, жылуулук түтүктөрүн алып келип койдук. Быйыл ичин жылуулап, кышында да иштетели деп жатабыз. Азыр бадыраңдарды 50-55 сомдон сатып жатсак, кышкысын 100-120 сом болот. Күнөскананын аянты 99 чарчы метр. Андагы бадыраң айылдагы соода жайларында сатыкка коюлат», — дейт Ш.Кожомкулов.

Ал белгилегендей, бир сезондо кеминде 1 тоннага чейин түшүм жыйналат. Күнөсканада бадыраңдан тышкары сабиз, помидор жана башкалар өстүрүлөт.

«Апрель айынын ортосунда айдап, азыр биринчи түшүмдү алып бүтүп калдык. Эми июлдун этегине чейин алып, августтан баштап жаңы айдайбыз. Негизи түшүмдү 1,5-2 айда алсак болот. Бул бадырыңды айдаганда сортун жакшы тандаш керек экен. «Арзу» деген сорту жылмакай, узун келет экен. «Абелла» дегенин этек жагына айдадык. Аны дүкөндөр жакшы албайт экен. Мезгил убагында бир тоннага жакын түшүм алабыз», — дейт ал.

Аялы Аянбүбү Шыгаеванын айтымында, алардын күнөсканасында өскөн жер-жемиштер экологиялык жактан таза болгондуктан, суроо-талап да жогору. Эми үй-бүлөлүк киреше булагын дагы да көбөйтүүнү максаты кылышууда.

«Бизде негизи кышында баа жакшы болот экен. Эми кышкысын иштетели деп жатабыз. Балам шаарда болчу. Айылга келип, помидор өстүргүдөй дагы бир күнөскана ачам деп жатат», — дейт Шыгаева.

Жумгал райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Гүлкайыр Азимованын айтымында, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө келишимдик негизде жардам берүү боюнча пилоттук долбоорго Жумгал району боюнча жалпы 128 долбоор келип түшүп, анын 51и жактырылган.

«Жумгал району мал чарбачылыгына жакын болгондуктан, долбоордун 70 пайзын мал менен иштетип жатышат. Малын көбөйткөндөр тигүү машина алып, жумушчу орундарды түзүп жатышат. Андан тышкары күнөскана иштетип келишет», — дейт Азимова.

Элеттиктердин долбоолору БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан ишке ашууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE