Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда эс алуу күнү мончого баргандар кызматтык унааны байкашты. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushШамалды-Сай шаарчасында эс алуу күндөрү мончого баргандар кызматтык унааны көрүшкөн.

Видео 7-январь күнү тартылган.

«Биз мончого барып, кайра келе жатсак, анын алдында «Toyota Camry» үлгүсүндөгү кызматтык унаа (мамлекеттик номуру: 04 KG 711 AC) токтоп туруптур. Бул унаа кайсы мекемеге тиешелүү экенин билбейм. Бирок эс алуу күндөрү, жумуштан кийинки убакытта өз кызыкчылыгы үчүн унааны пайдаланган чиновникке чара көрүлөбү?», — дейт окуянын күбөсү.

Turmush басылмасына 2013-жылы чыгарылган «Toyota Camry» унаасы Ноокен районунун Достук айыл аймагына тиешелүү экени белгилүү болду.

Достук айыл аймагынын башчысы Алтынбек Бекибаев мончо тарапка жумуш менен баргандыгын, ал Достук айыл аймагынын тилкесинде жайгашканын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE