Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда диний экстремизмди алдын алуу маселеси талкууланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында диний экстремизм жана терроризмдин алдын алууда милиция кызматкерлери менен тийиштүү кызмат адамдарынын биргелишип иштөөсүн жогорулатуу максатындагы семинар болуп өттү.

ОИИбдин басма сөз кызматы билдиргендей, ага ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик жана дин өкүлдөрү, коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү катышышты.

Семинардын жүрүшүндө уюштуруучулар тарабынан даярдалган слайдар көрсөтүлдү. Өлкөдө тыюу салынган диний агымдар жана ага маалыматтын жоктугунан жарандардын кирип калуусунун алдын алуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Атайын даярдалган усулдук китепчелер таратылып, эл арасында профилактикалык жумуштарды алып баруу жолдору айтылды. Жаштар арасындагы диний экстремизмге бөгөт коюуда укук коргоо органдарына башка мекемелердин, жарандык коомдун өкүлдөрү кайдыгер карабастан көмөктөшүү керектиги белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE