Пример HTML-страницы

Ызгаардуу кышта шар аккан сууга кулаган унаадагы эненин аянычтуу көрүнүшү куткаруучуларды ыйлаткан

Акыркы жанылыктар

TurmushTurmush басылмасы ар тармакта көп жыл эмгектенген адистерди кепке тартып, алардын иш тажрыйбасындагы кызыктуу учурларды окурмандарга сунуштап келет. Бул ирет 11 жылдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин катарында иштеп келе жаткан 33 жаштагы Азизбек Багишов менен сыябан маек курдук.

Каарманыбыз куткаруучулук кесипти тандап калуусуна атасы себепкер болгонун айтат.

«Өзүм 1990-жылы Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында аскер адамдын үй-бүлөсүндө жарыкка келгем. Атам Эркинбек өмүр бою дал ушул Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеди. Ал эми, апам үй кожейкеси. Атам аскер адамы болгондуктан жумушунан ротацияланып, биз да үч облуста жашап, окуп калдык. Тагырагы Баткен облусунда, Талас облусунда жана Жалал-Абад облусунда. 2006-жылы мектепти аяктап, Бишкектеги Кыргызстан эл аралык университетине электрик адистиги боюнча тапшырып, билим алдым. Кийинчерээк Жалал-Абад мамлекеттик университетинин инженердик-технологиялык факультетине тапшырып, аны 2011-жылы аяктап аскердик кызмат өтөөгө кеттим. Ал учурда Таш-Көмүр шаарында жайгашкан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу №2 өзүнчө издөө-куткаруу отрядда аскердик милдетимди өтөп, 2012-жылдан тарта ал жерде келишим менен иштеп калдым. Бул жайда суучул-инструктор болуп 6 жылдан ашуун убакыт иштедим», — дейт каарманыбыз.

Жаш куткаруучу суучул болуп иштеп жүргөндө аянычтуу көп окуяларга туш болгонун айтып, алардын айрымдарын тизмектеп берди.

«Аскердик милдетимди өтөп, жаңы жумушка кирген учурум, анда 22 жашта болчумун. Ошондо бизге тик учак жогорку вольттуу электр линиясына тийип, ичиндеги 3 учкуч тирүүлөй күйүп кеткени тууралуу кабар келди. Алар Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында адырды каптаган саранчы, чегирткеге каршы тик учак менен дары чачып жүргөн экен. Таанылгыс болуп калган 3 кишинин сөөгүн алып чыгып, күч органдарына өткөрүп бергенбиз. Ошондо күйүп кеткен адамдын жансыз денесин биринчи жолу көрдүм. Бир аптага чейин эсимен кетпей, кыйналып жүргөм.

Андан кийин Ош—Бишкек унаа жолунун Кара-Көл шаарындагы капчыгайындагы тилкесинде 7 орундуу унаа сууга түшүп кетип, андагы кишилерди шар аккан суудан алып чыкканда абдан кыйналганбыз.

Ал учурда кыш мезгили, бизге кечке жуук автоунаа муз жолдо тайгаланып, ичиндеги жүргүнчүлөрү менен чогуу сууга түшүп кеткени тууралуу кабар келди. Биздин суучулдар барганча түн кирди. Биз унааны таап, тростор менен чырмап байлап, таң атканда ичиндеги жүргүнчүлөрдүн жансыз денесин алып чыкканбыз.

Эшикте кычыраган суук, -15, -20 градус, шамал. Биз атайын костюмдарды кийип, муздак сууга түшүп, унаанын ичинен адамдарды алып чыктык. Ошондо мени ыйлаткан жагдай, унаанын артында отурган аял өзүнүн 1,5-2 жаштардагы баласын куткарып калуу үчүн унаанын арткы айнегин сындырууга аракет кылып, баласын ошол жакка көтөргөн бойдон жан берген экен. Куткаруучунун жумушунда мындай үрөй учурган окуялар көп болот. Бул кесипти аркалоо оор, ал үчүн талыкпаган мээнет жана эрк керек. Ошол себептен мен жалпы жарандарга жашоосуна кайдыгер мамиледе болбоого чакырык таштап кетет элем», — деди ал.

Азизбек Багишов азыр Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы кызматында эмгектенип жатат. Ал үй-бүлөлүү 3 баланын атасы.

Эске салсак, 2013-жылдын 24-майында Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында талаага дары чачып жүргөн «АН-2» үлгүсүндөгү учак кулап түшүп, ичиндеги үч адам каза тапкан.

12 кишилик чакан «АН-2» учагын адатта «Кукурузник» деп да атап коюшат. Бул учак 1940-жылдары СССРде жасала баштаган. Учурда ал дүйнөдө айыл чарба, спорт багыттарында жана жүргүнчү ташуучу учак катары да колдонулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE