Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө жеңил унааны уурдап, өрт коюшкан. Жаш жигит кармалды

Turmush23-24-февраль күндөрү Ысык-Көл облусунун аймагында «Ууру» аталышындагы ыкчам издөө жана профилактикалык иш-чаралар комплекси болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара кылмыштарга бөгөт коюуга, криминогендик абалды жакшыртууга, башкалардын мүлкүн уурдоого адистешкен кылмыштуу топторду аныктоого багытталган. Мындан тышкары уурдалган мүлктү сатуу менен алектенген адамдарды аныктоо боюнча иштер да жүргүзүлдү. Операциянын алкагында калк арасында менчикке болгон кылмыштуу кол салуулардан коргоо ыкмалары тууралуу дагы түшүндүрүү иштери жүрдү.

Эки күндүк «Ууру» операциясынын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлери тарабынан мурда катталган 12 кылмыштын бетин ачууга үлгүрүштү, анын ичинде 10 учуру бирөөнүн мүлкүн уурдоо болуп саналат.

Операциянын жүрүшүндө Ак-Суу районунун Жолголот айылынын 21 жаштагы тургуну унаа уурдоого шектелип кармалды. Ал унааны уурдагандан кийин аккумуляторун чыгарып, андан кийин өрт койгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE