Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө жарыкка келген 3 эмдин атасына унаа белекке беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Талаа айылында төрөлгөн 3 эмдин атасы Каныбек Абдылдаевге унаа белекке берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Белекке берилген «ВАЗ 2107» («Жигули») үлгүсүндөгү унаа дмөөрчүлөр тарабынан алынды.

Буга чейин Turmush басылмасы 28-июнь күнү Тоң районунда 3 эм жарыкка келгендигин жазган. Алардын бири кыз болсо, калгандары эркек балдар. Уулдары 1, 950 кг салмакта төрөлсө, кызы 1,850 кг салмак менен төрөлгөн.

«Буга чейин эгиз деп жүрчүбүз. 3 эм экенин төрөгөндөн кийин билдик. Мен аябай шок болдум. Саат 15:30 чамасында көз жарды. Буга чейин 2 уулубуз бар болчу», — деген ымыркайлардын атасы.

Каныбек Абдылдаев 1980-жылы Кара-Талаа айылында туулган. Ал эми жубайы Айбарчын Бегалиева 1986-жылы туулган.

Аларга Саламат, Салават, Салтанат деген ысымдар ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE