Пример HTML-страницы

Японияда иштеп келген Бүбүсараны таң калтырган көрүнүштөр

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Айдаркен шаарынын 21 жаштагы тургуну Бүбүсара Кубанычбек кызы 3 ай Японияда иштеп келди. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде чет өлкөдөгү жашоосу тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Японияга баруу анын кыялы болчу.

«Ал жактын элине, маданиятына абдан кызыкчу элем. Жапон элинин маданияты, салт-санаасы, элинин жүрүм-туруму кызык болуп, 2022-жылы тил үйрөнүп баштадым. Кийинчерээк ушундай мүмкүнчүлүк болуп калды, студенттер үчүн Жапония мамлекетине 3 ай, 6 ай, 2 жылга барып келүү шарттары түзүлүптүр. Жайкы эс алууда 3 айга барып келдим. Ал жакта таттуулар жасалган ашканада тортторду жасап иштеп жүрдүм. Жумуш тартиби боюнча айтсам, жумасына 5 күн иштеп, 2 күн эс алчубуз», — деди ал.

Бүбүсара Кубанычбек кызы аталган өлкөдөн бир да таштанды челек көргөн эмес.

«Эс алууда курбум экөөбүз көп саякаттарга чыгат элек. Бир күндүн ичинде көп жерди кыдырчубуз. Бир жолу Осака деген шаарына барып, ал жердин кооздугуна суктанып жатып, өзүбүз менен кошо алып жүргөн оор жүктөрдөн колубуз ооруп, чарчаганыбызды да сезбей калыптырбыз. Мени эң таң калтырган жери тазалыгы болду. Алгачкы барган күндөрү таштанды урна көргөн жокмун. Колумда бир аз таштанды бар болчу, аны каякка ыргытууну билбей, эртеден кечке колума кармап жүргөм. Кийин Жапониянын көчөлөрүндө эч кандай таштанды челек жок экенин түшүндүм. Көчө тазалап шыпырган адамдарды да жолуктурган жокмун.

3 ай жүрүп, жылына бир жолу болчу Ханаби деген майрамына туш келип калдык. Биздин тил менен айтканда гүл жана от дегенди түшүндүрөт. Ал майрамда эл абдан көп болот экен. Миңге жакын адам көлдүн жээгине бир саатка фейерверк көргөнү чогулушат экен. Майрам бүткөндөн кийин дагы көлдүн жээгинде бир дагы таштанды көргөн жокпуз. Бул көрүнүш да мени таң калтырды.

Жапон эли абдан боорукер жардам бергенге жакын болот экен. Алгач эч ким менен эч кимдин иши жок, көчөдө эч ким карабайт деп ойлочумун. Тескерисинче, көңүлүңдү карап, колдоп турушат экен. Иштеп жүргөндө ооруп калып, бирок жумушка чыктым. Жапон кесиптештерим көрүп, дарыканадан дары алып келип берип, колдоп жатышты.

Бир жолу Осака шаарында адашып кетип, билет ала албай жүргөнүбүздө да жардам берип, билетибизден бери алып беришти. Көчөдө же жумушта эки жакты карап калсаң эле келип, «Эмне болду, жардам керекпи?» деп сурап турушат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE