Пример HTML-страницы

Видео, сүрөт — Чаткалдагы калың кардан жабылган жол ачыла элек. Азыркы абал

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абаддагы Чаткал районунун Ала-Бука району менен байланыштырган Ала-Бука—Жаңы-Базар—Киров жолу 15-февралда акимдин буйругу менен жабылган. Жолдогу каттам 2-3 күндө ачылат деп божомолдонуп жатат. Азырынча кар көчкү коркунучу бар.

Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаевдин маалыматы боюнча, жарандардын коопсуздугу үчүн жол жабылган. Учурда 4 техника жолду кардан тазалоо иштерин тынымсыз жүргүзүп жатат.

«15-февралдан бери жаап жаткан кар токтой элек. Ал эми кардын калыңдыгы 1 метр 30 сантиметрге жеткен. Ала-Бука—Жаңы-Базар—Киров жолунун 90-чакырымынан 100-чакырымына чейинки аралыкта эле бир топ жерде кар көчкү кооптуулугу күч болуп турат. Кээде техниканы да кар күрткүсү басып калат деген кооптуу абал болот. Жагдайга карап, жолду тынымсыз тазалоо ишин жүргүзүп жатабыз.

Күн ачылса, 2-3 күндө жолду ачабыз деп ойлоп жатабыз. Күйүүчү май жетиштүү. Бирок абал оор болуп турат. Ашууну айта албайбыз. Жарандык коргонуу кызматтары да өз иштерин алып барууда. Алар кыйналган, кары-картаңдар жашаган үйлөрдүн чатырын, короосун кардан тазалап жатышат», — деди аким.

Акимдин маалыматы боюнча, райондогу ички каттамдар ачык, айылдардагы байланыш үзгүлтүккө учураган жок. Бир үйдүн чатыры жабыркаса, 5 үй-бүлө кар көчкү кооптуулугунан улам коопсуз жайга көчүрүлдү.

Райондогу Терек-Сай жана Курулуш айылында эки пост уюштурулуп, милиция кызматкерлери жарандарга эскертүү берип жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE