Пример HTML-страницы

Үй-бүлөсү менен Россиядан кайткан тургун үйүнө жетпей жан берди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаары менен Кара-Суу районунун кесилишкен аймагындагы кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, 3 адам жаракат алган, алардын экөө жаш балдар. Алардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, кырсык 12-август күнү саат 10:00 чамасында болгон. Алай районунун тургуну — 1976-жылы туулган К.К. өзүнүн башкаруусундагы оор жүк ташуучу «Jiefang» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын Нариман айылынын Насирдинов көчөсүнүн түндүк тарабы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып, жолдун үстүнөн өткөн суу өтүүчү түтүктүн бийиктигин эске албай, түтүктү сүзүп, бузуп алган.

Анын кесепетинен ошол эле жолдун карама-каршы тилкесинде келе жаткан «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү автоунаанын үстүнө аталган суу түтүк түшүп кеткендиктен автоунаанын алдыңкы орундугунда отурган 2 жаран окуя болгон жерде каза болгон.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, унаада бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү бара жаткан. Айдоочунун уул-келини эки баласы менен Россиядан келишкен. Аларды тоскону барган айдоочу өзүнүн унаасы менен үйүнө алып бара жаткан. Суу өтүүчү түтүк унааны басып калганда ата менен уулу каза болуп калган. Келини ошол эле күнү Кара-Суу РИИБге арыз менен кайрылган. Унаанын артында келин эки баласы менен болгон.

Арыздын негизинде оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу — Алай районунун 1976-жылы туулган тургуну К.К. Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси (коркунучта калтыруу) менен кылмыш иши козголду.

Ал эми Ош облустук балдар ооруканасынан билдиргендей, кырсыктан жабыркаган балдардын абалы орто. Бири нейрохирургия бөлүмүндө, экинчиси травматология бөлүмүндө дарыланып жатат. Травматология бөлүмүндө жаткан баланын сол шыйрагы сынып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE