Пример HTML-страницы

Turmush: Жумгалдын аймагында унаа сүзүп кеткен мал-жандыктар көп болуп жатат,

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун аймагында унаа сүзүп кеткен мал-жандыктар көп болуп жатат.

Айыл тургундары белгилегендей, учурда көмүр тарткан айдоочулардын унааны катуу ылдамдыкта айдап өтүп жатканы мал-жандыктарга залакасын тийгизип жатат. Байзак айылында жакында эле жылкынын бетинин жарымын шылып өткөн. Жылкы ошол жерден дароо жан берген. Ал эми Кызыл-Жылдыз айылында эшекти коюп кетишкен.

Жумгал районунун аймагынан жаңы курулуп жаткан Түндүк-Түштүк унаа жолу өтөт. Ошондой эле, көмүр тартылат.

ЖКККБ кызматкерлери жол кырсыктарынын алдын алуу максатында мал ээлерине малды көзөмөлсүз калтырбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. Алардын маалыматына ылайык, караңгыда малды темир жол жана жол аркылуу айдоого, башка жолдор бар туруп, асфальт жана цемент-бетон төшөлгөн жолдо мал айдоого тыюу салынат.

Ошондой эле, малды түн ичинде кароосуз калтырууга болбойт. Эгер малды түн ичинде унаа сүзүп кетсе, айдоочу жоопкерчиликтүү болбойт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE