Пример HTML-страницы

Turmush: Т формасындагы кесилиштен Ошко баруучу жол: Кандай иштер аткарылды?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш—Бишкек унаа жолунун 660-чакырымынан (Т формасындагы кесилиштен) Ош шаарына баруучу жолго долбоор даярдалды. Азырынча тендердин жыйынтыгы чыга элек.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол чарба департаментинин Ош облусу боюнча №5 бөлүмүнүн башкы адиси Медербек Акматалиевдин айтымында, аталган жолго асфальт төшөө үчүн тендер өткөн, жыйынтыгы чыга элек.

«3 км 400 метр жолго үч долбоор жасалган. Тендер кайсы долбоорлор боюнча жарыяланганы тууралуу маалыматым жок. Учурда жыйынтыгын күтүп жатабыз», — деди Акматалиев.

Буга чейин Шарк айыл өкмөтү Жол чарба департаменти менен биргеликте Т формасындагы кесилиштен Ош шаарына карай 1 км 600 метр жерге шагыл төшөгөнү маалымдалган.

Ал эми Ош шаардык мэриясы Таттыбүбү Турсунбаева көчөсүндөгү поезд жолдон өтүүчү өтмөктүн курулушун курмай болгон.

Ош мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришкендей, аталган өтмөктүн курулушу жыйынтыкталды. Т формасындагы кесилиштен Ош шаарынын Таттыбүбү Турсунбаева көчөсүнө чейин бара турган жол Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн балансында турат.

Шагыл төшөлгөн 1 км 600 метрден кийинки жолдун багыты Шарк айыл өкмөтүнүн Падаван айылынын тургундарынын үйлөрүн аралап өтөт.

Транспорт министрлигинин буга чейинки долбоору боюнча, жолдун кеңдиги 14 метр деп көрсөтүлгөн. Эгер аталган долбоор менен курулуш иштери башталса, Падаван айылынын ичиндеги жолдун кеңдиги 6 метр болуп, долбоорго туура келбей калат. Андыктан үйү бузулууга тийиш тургундарга компенсация төлөнүшү керек болот.

Буга чейин Turmush басылмасына Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетектөөчү адиси Мирлан Өмүралиев аталган башкармалык 2016-жылы бекитилген Ош шаарынын башкы планына киргизилген эки долбоордон сырткары үчүнчү альтернативдик долбоор бар экенин билдирген болчу.

Анын айтымында, Ош шаарынын башкы планында көрсөтүлгөн долбоорлордо көбүрөөк объекттер бузулууга тийиш болуп калган. Андыктан аталган башкармалык 3 км 800 метрди түзгөн альтернативдик долбоорун сунуштаган.

Бул жол тууралуу эмне белгилүү?

Аталган жолдун курулуш боюнча маселе көп жылдардан бери талкууланып келген. Бир нече жолу долбоорлор презентацияланып, активдүү иш аракеттер 2022-жылы башталган.

2022-жылдын январь айынын ортосунда Ош шаардык мэриясынын жетекчилиги Ош—Бишкек унаа жолунун 660-чакырымынан («Т-образка») Привокзальная көчөсүнө чейинки жолдун долбоору менен таанышкан.

Ош шаарынын башкы планына ылайык, бир катар долбоорлор каралып жатат. Анын ичинде Привокзальная көчөсүнөн Увам жана Үч-Кунан каналдары аркылуу «Т» формасындагы жолго чыгуучу жолдун долбоору бар.

Бул долбоордун негизги максаты — шаардын көчөлөрүндөгү, анын ичинде калаанын кире беришиндеги Монуев көчөсүндөгү унаа тыгындарын чечүү.

2022-жылдын 21-декабрында Ош шаарындагы Ош—Бишкек унаа жолунун 660-чакырымынан («Т-образка») Привокзальная көчөсүнө чейинки жолду куруу иштери башталган. Мэриянын маалыматы боюнча, тиешелүү жол кызматтарга, Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтү жана №21 жол-эксплуатациялык ишканасы менен биргеликте жолду куруу үчүн даярдык иштерин баштоого көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилген.

Ал эми 2023-жылдын июль айында прокуратура Ош шаарынын түндүк тарабынан айланып өтүүчү автожолдун 12-17-чакырым тилкесиндеги асфальт бетон төшөөдөгү мыйзам бузуулар боюнча башкы инженер кармаганы маалым болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE