Пример HTML-страницы

Turmush: Ноокатта ата-бабаларды эскеришти. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 6-ноябрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Н.Исанов айыл аймагында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата иш-чара өттү.

Маалым болгондой, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жаркын элесине арналып №8 гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын командири, полковник Алмазбек Абдибаитов демилгеси менен айыл аймактагы эскерүү аянтчасына «ПТ-76» үлгүсүндөгү аскердик күжүрмөн техника, гүл чамбарлар коюлуп, курман болгондор үчүн куран окулду.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, №01003 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы жана Исанов айылынын жашоочулары катышты.

Алмазбек Абдибаитовдун айтымында, иш-чара тарыхты, ата-бабалардын эрдигин унутта калтырбоо үчүн уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE