Пример HTML-страницы

Turmush: Кыргызстандын жаратылышы: Тоо койнундагы Көл-Төр көлү

Акыркы жанылыктар

TurmushКөпчүлүктү суктандырган Ат-Башы районундагы Көл-Төрдү аймактык кабарчы сүрөткө тартып алды.

Нарын кыркы тоосунун түштүк капталындагы көл. Аянты 5 чакырым метр. Деңиз деңгээлинен 3820 метр бийикте жайгашкан. Ат-Башы районунун чыгыш бөлүгүндөгү (Жаңы-Жер-Уландын чатына жакын) Көл-Төр суусунун өрөөнүнөн орун алган. Түштүк-чыгыш тарабынан зор морена катмары менен тосулган. Көлдүн чанагы байыркы мөңгүнүн аракетинен пайда болгон. Кар жана жамгыр сууларынан толукталат. Чыгыш жак жээги аскалуу, батышынан жалгыз аяк жол өтөт.

Айланасында жапалак арча, ошондой эле төө куйрук, ит мурун, ар кандай гүлдүн түрү, алтын тамыр жана башка бадал өсүмдүктөрү өсөт. Көлдүн бөгөтүнөн сарыгып агып чыккан суу Ат-Башыга оң тараптан куят.

Учурда бул көлдү көрүү үчүн келгендердин саны арбын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE