Пример HTML-страницы

Turmush: «Эркеч-Там» өткөрмө бекетиндеги жүк ташыган унаалардын тыгыны: Кандай чечим кабыл алынды?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусундагы эл аралык маанидеги жолдордогу тыгынды азайтуу боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 20-декабрда Кытайга жүк ташып иштеген айдоочулар Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Ош шаарындагы башкармалыгынын алдына нааразычылык акциясына чыгышкан болчу. Алар кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркеч-Там» көзмөл-өткөрмө пунктундагы унаа тыгынына нааразы болуп жатышат.

Жыйынга президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Зарлык Тургунбаев, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн улук инспектору, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Ош аймактык башкармалыгынын башчысы, Түштүк-Батыш бажысынын бажы көзөмөл кызматынын башчысы, Ош чек ара башкармалыгынын башчысынын орун басары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу, Жол чарба департаментинин №5 Ош облустук бөлүмүнүн башчысы, «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Оштогу филиалынын жетекчисинин орун басары, Кара-Суу райондук мамлекеттик салык кызматынын башчысы жана «Айдоочу» коомдук бирикмесинин төрагасы катышты.

Күн тартибиндеги маселелер:

— Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолун кыш мезгилинде кардан өз убагында тазалоо;

— Кытай Эл Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын оор жүк ташуучу авто унааларынын айдоочуларына шарт түзүү;

— «Эркеч-Там» чек ара постуна кезек менен баруу үчүн оор жүк ташуучу автоунаалардын башаламандыгын жоюу;

— Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолундагы оор жүк ташуучу автоунаалардын тыгынын алдын алуу;

— көчкү түшүү коркунучу бар аймактарды алдын алуу.

Зарлык Тургунбаев аталган маселелерди алдын алуу боюнча сөз сүйлөдү.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Нура жана Сары-Таш айылдарына оор жүк ташуучу унааларды токтотуучу жай уюштурууга болбой тургандыгын айтты. Себеби аба ырайы суук болгондуктан оор жүк ташуучу автоунаалар жүрбөй калат. Ал эми «Айдоочу» коомдук бирикмесинин жетекчиси оор жүк ташуучу унааларды Каратай айылындагы унаа токтотуучу жайга киргизүү үчүн ЖЧКлар жана жүк ташуучулардын жетекчилери, айдоочулар менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.

Түзүлгөн көйгөйлөрдү талкуулоодо жана аларды чечүү жолдорун иштеп чыгууда катышуучулар «Эркеч-Там» чек ара заставасынан оор жүк ташуучу унааларды кезектешип өткөрүү демилгесин бир добуштан колдоого алып, бул тыгынды болтурбай, бул багытта оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө шарт түзөрүн билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү сунуштар жана чечимдер кабыл алынды:

1. «Айдоочу» коомдук бирикмесине тийиштүү иш кагаздар бүткүчө оор жүк ташуучу автоунааларды токтоочу жайды иштетип туруу керек жана иш кагаздарын тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте тез арада бүтүрүү;

2. «Айдоочу» коомдук бирикмесине айдоочуларга түзүлүп жаткан шарттар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүү;

3. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан Каратай айылындагы оор жүк ташуучу автоунаалар токтоочу жайга оор жүк ташуучу автоунааларды киргизүү;

4. «Айдоочу» коомдук бирикмеси, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгы, Ош чек ара башкармалыгы жана Жол чарба департаментинин № 5 Ош облустук бөлүмү менен чогуу иш алып баруу;

5. Электрондук таблодогу кезектин негизинде жеринде айдоочуларга дозвол [дозвол — бул жүк ташыган унааны башка өлкөнүн аймагынан киргизүүгө уруксат берүү] берүү Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ош аймактык башкармалыгына жүктөө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE