Пример HTML-страницы

Токмокто аң пайда болгон тротуар калыбына келтирилди

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарынын Пушкин көчөсүндөгү аң пайда болгон тротуар калыбына келтирилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Токмок шаарынын мэриясынын маалыматына караганда, өткөн жылдын декабрь айында шаардык кеңештин акыркы сессиясында депутаттар тротуарларды калыбына келтирүү маселесин карап, бул иштерге каражатты 2022-жылдын бюджетинин долбооруна киргизүүнү макулдашышкан. Демилгелүү топтордун сунушу боюнча жалпы 7 чакырым тротуарды калыбына келтирүүнү пландаштырылган.

Жалпы 6 чакырым тротуарда оңдоо иштери жүрүп, калгандары дагы оңдолуп жатат.

Бардык тротуарларды калыбына келтирүү иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган жана шаардын кошумча каржылоосу менен ишке ашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE