Пример HTML-страницы

Тоң райондук мамлекеттик архивинин жаңы имаратынын курулуш иштери башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 19-август күнү Тоң райондук мамлекеттик архивинин пайдубалы түптөлүп, капсула салынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Тоң райондук мамлекеттик архивинин азыркы имараты 1956-жылы түптөлгөн. Андан бери имараттын эскилиги жетип, жараксыз абалга кептелген. Бүгүнкү күндө архивде 141ден ашуун фонд, 20 миңге жакын документтер сакталууда. Документтерди сактоочу жайлар толуп калгандыгына байланыштуу кыйынчылыктар жаралып келген.

Жаңы имаратты курууга Бөкөнбаев айылынын Карымшаков көчөсүнүн күн батыш тарабынан жер бөлүнүп берилген. Натыйжада «Сириус Строй» компаниясы тендерден утуп алып, курулуш иштери башталды.

Аталган компаниянын башкы инженери Сейитбек Токтосуновдун айтымында, замандын талабына ылайык, бардык ыңгайлуу шарттары менен салына турган имараттын курулушу токтоп калбашы үчүн каржы маселеси колго алынышы керек.

Капсула салуу иш-чарасына Ысык-Көл регионалдык башкармалыгыны башчысы Б.Айткулуева, Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Н.Төлөнгүтова, архив кызматкерлери жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE