Пример HTML-страницы

Таласта милиционерлердин катары жаш адистер менен толукталды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облустук ички иштер башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы академиясынан 5 бүтүрүүчүсү келди. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар Манас, Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас РИИБдин тергөө кызматына, милициянын участкалык уполномоченныйы жана балдар менен иштөө инспекцияларына кызматка дайындалышты.

Аларга кечээ, 22-июль күнү Талас ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Марлис Асанов орун басары жана кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп, ИИМ академиясынын дипломун тапшырышты.

«Милициянын жумушу жеңил эмес. Теория менен практиканы иш жүзүнө ашыруу көптөгөн ак эмгекти жана өжөрлүктү талап кылат. Силерди жыйынтыктуу иш аракеттерди жана ийгиликтерди жаратат деп ишенебиз», — деди Марлис Асанов.

Жаңы дайындалган кызматкерлер жетекчилик тарабынан насааттарды жана тапшырмаларды алышып, толук кандуу иш алып баруу үчүн бекитилген бөлүмдөргө кызмат өтөөгө киришишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE