Пример HTML-страницы

Талас шаарындагы мектептерде электрондук каттоо боюнча рейд жүргүзүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарындагы мектептерде жана бала бакчаларда электрондук каттоо боюнча рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыйынтыгында Талас шаарындагы жалпы 9 мектепте 2022-2023-жаны окуу жылына карата балдарды 1-класска автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу кабыл алуу боюнча аткарылып жаткан иштер төмөндөгүдөй экени тастыкталды.

Электрондук каттоонун 1-этабы 11-апрелде башталып, 27-июнга чейин болду. Камалбек Дарданов атындагы мектеп гимназиясы 1-этапта эле толуп, кошумча квота суралган. 25 орунга кошумча квота берилген. 1-этапта ар бир ата-эне өзүнүн территориясындагы мектепке гана каттала алат. 2-этапта микроучасток деген болбой, ата эне каалаган бош орун бар мектепке каттала алат. Алсак №2 жана №3 мектептерде 2-этап башталганда, тагыраагы 27-июнда жарым сааттын ичинде бош орундар толуп калды. Бүгүнкү күндө Талас шаарындагы орус тилдүү мектептерде жана №5 орто мектепте жеңилдиксиз орундар жок. Калган 5 мектепте бош орундар бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE