Пример HTML-страницы

Түркияда эмгектенген Бермет Ишеналиева түн уйкуну бузган кырсык тууралуу айтып берди

Акыркы жанылыктар

TurmushТүркияда 7,4 жана 7,7 баллдык жер титирөө болду. Анын кесепетинен Түркияда 1 миңден ашуун адам каза болуп, 5 миңден ашуун киши жаракат алды. Ошондой эле, 3 миңге жакын имарат урады.

Коңшу Сирия мамлекетинде дагы жүздөгөн адам мерт кетип, миңдеген киши жабыркады.

«Turmush» агенттиги Түркиянын Газиантеп шаарында эмгектенип жаткан мекендеш Бермет Ишеналиева менен байланышты. Ал соңку окуялар менен бөлүштү.

«Мындай тири укмуш окуяны өз көзүӊ менен көргөн жаман экен. Бир топго чейин шок абалда болуп калдым.

Биз көп кабаттуу үйдүн төртүнчү кабатында жашайбыз. Адаттагыдай эле түнкү уйкуда болчубуз. Саат 04:15 чамасында үйдүн ичи тарс-турс болуп баштады. Ойгонсом, айланамдагы үй эмеректери, ар кандай буюмдар ары-бери чайпалып жатыптыр. Кеминде 1 мүнөттөн ашык болду. Бул бир мүнөт мен үчүн бир сааттай сезилди. Ар тараптан бир нерселер кулап жатты. Бул менин өмүрүмдөгү биринчи жаман көз ирмемдер болду. Сиздерге сөз менен жеткире албайм. Өзүм бир кемпирди баккандыктан, жер титирөө басылганда ал кемпирдин жанына бардым. Бир аздан жер титиреп жатты. Ортодо токтогондой болду.

Азыркы маалда Газиантеп шаарында 530 көп кабаттуу үй кыйраса, Адыяман шаарында жер түп-түз деп жатышат. Азыркы маалда көпчүлүк үйлөрдө электр жарыгын, газды өчүрүп коюшту. Анткени дагы 8,5 балл жер титирөө болот деген шашылыш билдирүү алып, элдер үйлөрүн таштап, шаардын чет жактарына, ээн талааларга унаалары менен кетип жатышат. «Сактансаң, сактайм» дегендей, сактануу үчүн унаада, унаасы жоктор атайын жайларда баш калкалап жатышат.

Биз да шаардын чет жагында унаада отурабыз. Саат 16:25 чамасында дагы катуу жер титиреди. Анда 7,6 балл болду дешти. Бул жолу дагы үйлөр кыйрады. Тилекке каршы, сүрөткө же видеого тартып, жибере албадым, анткени, үйгө кирүү аябай коркунучтуу болуп жатат. Үйлөрдүн арасында жүрүү абдан коркунучту», — деди Ишеналиева.

Мекендешибиз Жумгал районунун Байзак айылында туулуп өскөн.

Ал эсаат 5:00 чамасында тартылган видео жөнөттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE