Пример HTML-страницы

Сокулуктагы реабилитациялоо борборунда жашагандарга жардам көрсөтүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 3-декабрда Чүй облусунун Сокулук районунун прокуратурасы Эл аралык майыптар күнүнө карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборунун иш-чарасына катышты.

Сокулук районунун Маловодное айылында жайгашкан реабилитациялоо борборунда медициналык, психологиялык, педагогикалык жардамга жана ошондой эле маданий-тиричилик кызматтарына муктаж 6 жаштан 23 жашка чейинки 77 адам жашайт. Алардын арасынан 30% балдар төшөктө жатат (баспайт), 17 баланы ата-энелери таштап кеткен, 10 бала толук жетим жана жарым жетимдер.

«Реабилитациялоо борборунун жамааты балдардын ден соолугун чыңдооого жана аларды үй-бүлөөгө жана коомго кайтаруу боюнча болгон иш-аракеттерди жумшашат. Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан аталган реабилитациялоо борборуна керектүү материалдык буюмдар менен жардам көрсөтүлдү», — деп айтылат прокуратуранын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE