Пример HTML-страницы

Сокулуктагы лицейдин абалына нааразы болгон ата-энелердин арызына бийлик өкүлдөрү реакция жасады

Акыркы жанылыктар

TurmushСокулук районунун Ч.Айтматов атындагы №1 Новопавловка инновациялык окуу-тарбия комплекс-лицейи 150 парта менен камсыздалып, жылуулук системасы толугу менен бүткөрүлөт. Бул тууралуу Новопавловка айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда ата-энелер мектептеги парталардын эскилиги жетип, жылытуу системасы бүтпөй келе жатканын айтып, нааразы болушкан.


Кечээ, 5-сентябрь күнү Ч.Айтматов атындагы лицейдин абалы менен таанышуу үчүн президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Эмил Орозбаков, Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Жалын Жумабеков барышты. Бир айдын ичинде мектепке жаӊы 150 парта отургучу менен алынып берилери, жылуулук системасы оңдолуп, жылуулук берүү мезгилине чейин толугу менен бүткөрүлөрү айтылды.

Аталган лицей 1700 орунга ылайыкташкан. Бирок учурда лицейде 4923 окуучу 3 кезмет менен билим алып келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE