Пример HTML-страницы

Сокулуктагы айрым тургундарды таң калдырган электр мамылар. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районундагы айыл аймактарында жол жээгинде жайгашкан электр мамылар айрым тургундарды таӊ калдырып жатат.

Алардын айтымында, сүрөттөр Новопавловка айылынын Алтын-Ордо конушунан жана Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун Сокулук айыл аймагындагы тилкесинен тартылган.

«Бир мамыга унаанын дөӊгөлөктөрүн катары менен тизип, тургузуп коюшуптур. Бул кырсыкка кабылган унаалар үчүн коопсуздук окшойт. Дагы бир мамы кишилер басчу тротуардын так ортосунда жайгашкан. Караӊгыда шашып баратып, сүзүп алчудайсыӊ. Ал эми Новопавловкадагы Алтын-Ордо конушунда жайгашкан электр мамынын бир тирөөчү чирип, кыйшайып калган. Алыстан электр мамы абада калкып тургандай көрүнөт экен», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE