Пример HTML-страницы

Сокулук районундагы көлмөдө мергенчи ит макоо балыкты кармап алды. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushДратхаар иттеринин аңчылык инстинкттери кээде ээлерин да таң калтырат.

Иттин ээсинин айтымында, алар бир нече жылдан бери Брэд аттуу дратхаар менен аңчылык кылышат.

«Ит абдан акылдуу, эмгекчил жана тил алчаак. Ошондуктан мен аны дайыма өзүм менен табиятка алып кетем. Бул жолу жаңы жылдык эс алуудан кийин жакынкы суу сактагычка шишкебек үчүн бардык. Көлмөдө макоо балыктын суунун үстүндө сүзүп жүргөнүн байкадык. Балык өзүнчө сүзүп жүргөндүктөн жаракат алган болушу мүмкүн.

Ит суудагы балыктын кыймылына кызыгып калды. Элден чочуп кеткен балык көлмөнүн тайыз жерине карай сүзүп жөнөдү. Ит сууга секирип, бир нече жолу аракет кылгандан кийин суудан бир жарым килограмм болгон балыкты сууруп чыкты. Бул окуяга чейин ал балык кармап көргөн эмес», — деди мергенчи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE