Пример HTML-страницы

Сүлүктүдөгү 2 шахтаны газдан тазалашты

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 10-июль күнү куткаруучулар Сүлүктү шаарындагы 2 көмүр шахтасында газдан тазалоо иштерине чыгып, туруктуу жайларына терс окуясыз келишти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ж.Айтматов шахтасында газ чыккандыгы тууралуу шахтанын башкы инженери кабар берип, куткаруучулар 340 метр аралыгына тосмо орнотуп, газдан тазалап беришкен.

Ушундай эле тазалоо иштери жана техникалык жумуштар «Ак-Тилек» шахтасында да аткарылды. Жабыркагандар жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE