Пример HTML-страницы

ОшТУга Американын элчилигинен өкүлдөр келди

Акыркы жанылыктар

TurmushАмерика кошмо штаттарынын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер жетектеген делегация Ош технологиялык университетинин окутуучулары жана студенттери менен жолугушуу өткөрдү.

Окуу жайдын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жолугушуу учурунда ОшТУ менен Пенсильвания мамлекеттик университети ортосундагы UniCEN программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан виртуалдык алмашуу боюнча долбоор талкууланды. Долбоордо эки университеттин окутуучулары Гүлшаан Ергешова жана Ларри Муссолини тарабынан 2022-2023 окуу жылынын күзгү семестринде окуу план боюнча студенттерге сабак өткөрүлөт. Сабак учурунда эки жогорку окуу жайлардын студенттеринен топтор түзүлүп, ар бир топ изилдөө иштерин өткөрүшөт.

UniCEN программасы — эл аралык виртуалдык алмашуу долбоору. Ал Пенсильвания штатынын окутуучулары жана студенттери менен башка өлкөлөрдүн окутуучулары жана студенттери менен тажрыйба алмашууга жана чогуу долбоорлорду аткарууга негизделген программа.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE