Пример HTML-страницы

Оштогу борбордук стадиондун жери жеке тарапка өтүп кеткен. Учурда иш боюнча эмне белгилүү?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадионго таандык жерлерди кайтаруу ишинде токтомдор боюнча доонун мөөнөтүн калыбына келтирүү процесси жүрүп жатат.

Ош шаардык прокуратурасы Turmush басылмасына билдиргендей, сөз жалпы 1642,55 чарчы (16,5 сотыхка жакын жер) жер тууралуу болуп жатат. Токтомдор боюнча доонун мөөнөтүн калыбына келтирүү боюнча акыркы процесс 28-февралга дайындалган.

Ал эми Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Канышай Имарованын айтымында, бул боюнча Ош шаардык прокуратурасы иш алып барууда.

«Менин маалыматым боюнча, токтомдордун мөөнөтү өтүп кеткен деп сот ишти артка кайтарып коюптур. Эми жаңы ачылган жагдайлар деп бербесек, убагында биздикилер [муниципалдык менчик башкармалыгы] соттошуп жүрүп, жеңилип калышкан. Токтомдордун мөөнөтүн калыбына келтирүү процесси административдик сотто 10 жыл эле экен. Стадиондун айланасындагы жерлер 2010-жылга чейинки токтомдор менен берилген», — деди Имарова.

—————————————————————

2023-жылдын 11-октябрында Ош шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында депутат Бекболот Арзибаев («Ата Журт Кыргызстан») А.Сүйүмбаев атындагы стадиондун жерлери сатылып кеткени боюнча кылмыш иши эмне болгонуна кызыккан.

Ош шаардык прокуратурасынын коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Канат Насипов аталган кылмыш иштин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кыскартылгандыгын билдирген. Анын айтымында, бирок жерлерди муниципалдык баланска кайтаруу боюнча сотко доо-арыз келтирилди.

«Учурда соттук териштирүү жүрүп жатат», — деген прокурор.

————————————————

Turmush 2022-жылдын ноябрь айында Ош шаарындагы Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадионго тиешелүү 23 сотых жер мурдагы мэрлердин тушунда жеке менчикке өтүп кеткенин жазган.

Ош шаардык прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Өмүрбек Жүжүров стадиондун 6 жер тилкеси жеке менчикке өтүп кеткенин айткан.

«2001-жылы өкмөттүн 608 сандуу токтому чыккан. Мурда жеке менчик деген түшүнүк болгон эмес. 1999-жылы Жер кодекси кабыл алынганда менчик 3 түргө бөлүнгөн. Жеке менчик, мамлекеттик, муниципалдык болуп бөлүнгөн. Ошол учурда мамлекет мэрияга муниципалдык кылып бөлүп берген. Биз жерине (стадиондун жанына) барганда өтө көптөгөн жерлер жеке менчикке өтүп кетиптир.

Жантөрө Сатыбалдиев (2005-жылга чейин), Жумадыл Исаков (2006-жылдан 2008-жлга чейин), Мелис Мырзакматов мэр болуп турганда берилген жерлер бар экен. Бул иштерди Ош шаардык прокуратурасынын маалыматтык электрондук журналына каттап, бүгүнкү күндө жерлерди кайтаруу боюнча сотко доо арыздар даярдалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Тиешелүү адамдар чакырылып, түшүнүк каттар алынып, сурак кылынууда», — деген Жүжүров.

Стадиондун мамлекеттик актысы боюнча 4 гектар 12 сотых жери бар.

«Жерине барып көргөнүбүздө жалпысынан 23 сотых жер кеткени белгилүү болду. Мисалы, бирөө 6 сотых, дагы бирөө 7 сотых, дагы бири 2 сотых алган. Азыр ал жерлерде коммерциялык багыттагы имараттар бар. Бильярд, сулуулук салону, турак жайлар курулган. Белгилеп кетүүчү дагы бир жагдай, ал жерлер стадиондун жери, социалдык багыттагы жер категориясында турганына карабастан «Кадастр» мекемесинин Ош шаарындагы башкармалыгынын мурдагы кызматкерлери максаттуу багытын эл тейлөөчү багытка өзгөрткөн», — деген Жүжүров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE