Пример HTML-страницы

Ошто унаа жолдордун боюнда соода кылгандарга 100 000 сомдон ашык айып салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushҮстүбүздөгү жылдын 10-июнунан тарта Ош облусунун аймагында «Көчө соодасы» аталышындагы рейд уюштурулуп жатат. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, рейд учурунда Ош облусу аркылуу өтүүчү эл аралык жана мамлекеттик маанидеги унаа жолдордун боюнда унааларга тоскоолдук жаратып, унаа менен мыйзамсыз соода кылып жаткан 35 жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 179-беренесинин (автомобиль жолдорунун бөлүү тилкесин сактоо эрежелерин бузуу) негизинде протокол түзүлдү.

Ошондой эле унаа жолдордун боюнда мыйзамсыз соода кылып жаткан 35 жаранга 3 миң сомдон, жалпы 105 миң сом айып пул салынды. Учурда жарандар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жолдун боюнда унаалар менен мыйзамсыз соода кылып жаткандар алынууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE