Пример HTML-страницы

Ошто туугандар чырдашып, бири оор жаракат алган. Изделип жаткан шектүү кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында буга чейин издөөгө алынган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү — Ош шаарынын 1968-жылы туулган тургуну П.А. Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан колго түштү. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шектүү 2021-жылдын апрель айында жакын тууганынын баласы менен чырдаша кетип, анын денесине оор жарат келтирип, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Мурда баңгизатты мыйзамсыз сактагандыгы үчүн соттолуп чыккан.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE