Пример HTML-страницы

Ошто сабалган дарыгерлердин кесиптештери милицияга кайрылды. Алар шектүүнүн достору коркутуп жатканын айткан

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында токмоктолгон дарыгерлердин кесиптештери милицияга кайрылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алар кечээ, 7-февралда арыз жазган. Арызда дарыгерлерди токмоктоого шектелип кармалган жарандын достору «Тосмо арыз жазып бересиңер» деп коркутканы айтылган.

Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Ал эми бейбаштыкка шектелип кармалган жарандын баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда 6-февралда каралып, үй камагына чыгарылган.

Буга чейин Turmush Ош шаарында дарыгерлерди сабаган шектүү кармалганын жазган.

Милициянын маалыматына караганда, Ош шаарындагы ооруканалардын биринде белгисиз жаран дарыгерлерди сабап жаткан видеотасма жарыяланып, ал жаран милиция кызматкери экени айтылган.

2024-жылдын 31-январында саат 23:00дөр чамасында Ош облустук психикалык ден соолук борборундагы жаран коомдук тартипти одоно бузуп, бул ооруканада жаткан тууганын дарылоо мамилесине нааразы болуп, жаңжал чыгарган. Ошол эле учурда агрессивдүү болуп, медицина кызматкерлерине кол көтөргөн.

Бул факты боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жарандын өздүгү ошол эле күнү аныкталган.

Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. 4-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорудагы жаран кармалып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Дарыгерлердин сабалышы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган.

«Бейбаштыкка шектүү милиция кызматкер деп тараган маалымат чындыкка дал келбейт. 1990-жылы туулган шектүү бул кызматта иштебейт», — деп айтылганмаалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE